Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Маанай жокто эмне жеш керек.

https://kyrgyzcha.site/?p=35513&preview=true Пайдалуу кеңештер.

МААНАЙ ЖОКТО ЭМНЕ ЖЕШ КЕРЕК?

 

Адамда эндрофин жана серотонин аттуу «бакыт гормондору» бар. Бул гормондор күнөстүү көл жээгинде эс алып жүргөндө иштелип чыгат. Мындай жагымдуу учурлардан тышкары, бир аз болсо да «бакытты» айрым азыктардан тапсаңыз болот. Анда эмесе, депрессияга кабылып же маанайыңыз чөксө, төмөнкү ден соолукка да пайдалуу, маанайды да көтөрүүчү азыктардан жеңиз.

 

 

Шоколад

 

Шоколад курамындагы каконун көп өлчөмү (55 пайыздан жогору) болгондуктан, маанайды көтөрүүчү көптөгөн микроэлементтердин эң жакшы булагы болуп саналат. Бирок көп колдонсоңуз, маанайыңызды көтөрүү менен бирге салмагыңызды да көтөрүп аласыз. Күнүнө 1-2 бөлүк жетиштүү болот.

 

Лосось балыгы

 

Балыктын бул түрү дүйнөнүн бардык жеринде «балыктардын падышасы» катары эсептелинет. Бул балык холестериндин деңгээлин гана көзөмөлдөбөй, биздин маанайыбыздын көтөрүлүшүнө шарт түзөт.

 

Банан

 

Банан — жүрөк-кан тамырларды чыңдоо үчүн керек болгон калийдин эң жакшы булагы. Бирок, мындан тышкары, организмди «бакыт гормондорун» бөлүп чыгарууга мажбурлаган эң негизги «мотор» болуп эсептелет.

 

Кара нан

 

Кара нанды адатта диетологдор ашыкча салмактан арылууда сунушташат. Көрсө, кара нандын арыктатуудан башка да кызматы бар экен. Бул кандагы глюкозанын деңгээлин бир калыпта сактаганга жардам бергенден тышкары маанайдын көтөрүлүшүнө да жардам берет.

 

Мөмө-жемиштер

 

Белгилүү болгондой, мөмө-жемиштер толгон-токой витаминдер менен микроэлементтерге бай. Алар бир гана «бакыт гормонун» иштеп чыгууга жардам бербестен, иммундук системаны да бекемдешет.

 

Үндүктүн эти же тооктун төш эти

 

Тигиниси деле, мунусу деле В6 витаминине жана «бакыт гормондорун» иштетип чыгуучу микроэлементтерге бай. Бирок эсиңизде болсун, тооктун этин кабыгын сыйрып салып жеш керек. Ошондой эле кууруп эмес, духовкага бышырып же сууга кайнатып пайдалануу сунуш кылынат.

 

Ашкабактын данеги

 

Адистер маанайын көтөргүсү келген адамдарга ашкабактын семичкесин чагууну сунушташат. Анткени, мында организмде серотониндин иштелип чыгышын шарттаган микроэлементтер камтылган.

 

Жашыл буурчак

 

Начар маанай жашыл түстөгү жашылчаларды сүйбөйт. Бул жашыл буурчакка да тиешелүү. Бирок серотониндин таасиринен эмес, анын курамындагы Е витамининин таасиринен. Андыктан, жаман маанайдын бузулушу менен күрөшүүдө жашыл буурчак эң жакшы каражат.

 

Төө буурчак, брокколи капустасы

 

Бул өсүмдүктөрдүн курамында да организмдин серотонинди иштеп чыгуусуна шарт түзгөн микроэлементтер бар. Англиялык окумуштуулар төө буурчак менен брокколини жумасына бир жолудан жеп турган адам дайыма шайыр жүрөрүн далилдешкен.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE