Пример HTML-страницы

Туткун кыз 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

12-БОЛУН

ЖЕР ӨТКӨӨЛДӨГҮ ЫЙ

 

Диана эч бир тыным албастан темир түтүктүн үстү менен сойлоп кете берди. Өткөөл аябай кууш болгондуктан бурулганга, а түгүл баш көтөргөнгө мүмкүн эмес болчу. Анын үстүндөгү чаңдардан, кара сагыздан (смола) көйнөгү заматта карала-торала болуп чыкты, мунусуна да кайыл болчу. Эптеп эле тигилердин туткуну болбой ушул жер алдындагы өткөөлдөн чыгып кетсем деген анын бир эле максаты болуп атты. Ары-бери чыйылдашып чуркашкан келемиштер тажатып жиберди. Бирок алардан анча коркпой, чочулабай калган. Өткөн жолу деле келемиштердин асылганына,  тиштегилегенине карабай чыдап турбады беле. Канча жерге чейин сойлоп барганы

белгисиз, өзүнүн баамынча беш жүз кадамдай сойлоп кеткенсиди.  Бир аз ошол көмкөрөсүнөн жаткан боюнча эс алып жатты. Түнү бою

уктабагандыкы уйкусу да келип атты. Бир аз жатып көзү илинип кетиптир келемиш колун тиштеп алганда гана чочуп ойгонуп, эсине келди. Кол фонариги колунан түшүп темир түтүктүн алдында күйгөн боюнча калыптыр. Колун созуп ала албай койду. Анын

алдына өткөнгө мүмкүн эмес болчу. Жер алдындагы өткөөл темир түтүк баткандай кылып гана төрт бурчтуу кылып бетон менен куюлуптур. Бактыга жараша анын үстүндө киши сойлоп өткөндөй орун бар экен. Колун созуп атып кол фонаригине жете албай койгон соң «мейличи»  деп кол шилтей андан ары сойлоп жөнөдү. Дагы үч жүз кадамдай сойлоп барды. Улам эс алып, улам сойлоп жүрүп отурду. «Кудай буюрса сыртка чыкканга жол табылаар. Эң башкысы тигил каргашалуу жер алдынан кеттим.». Эртеден бери жер алды менен жети-сегиз чакырымдай жерге сойлоп барып, кайрадан темир түтүктүн үстүнө сулк жатып калды. Далысы үстүндөгү бетонго тиер-тиймексен болуп турду. Отурганга анан башын көтөргөнгө мүмкүн эмес болучу. Түтүктүн ичинде эмне бар болду экен деп кулагын такап, тыңшап көрдү эле суунун кез-кез шылдырап агып жатканы билинип турду. Анын көйнөктөрү түгүл чачы-баштары, бети бүт карала- торала болуп калган болчу. Жер алдындагы караңгылыкка анча- мынча көзү көнүп, кээ бир кара нерселерди көрүп атты. Өзүнүн баамынча жети-сегиз чакырымдай аралыкты сойлоп өткөнсүдү. Бир жерге келгенде үстү куушурулуп келип алдыга сойлоп өткөнгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Темир түтүк анча-мынча өйдөгө көтөрүлүп калыптыр. Ары көздөй сойлоп өткөнгө башы батпай койду. Аябай аракет кылып көрдү эле баары бир эч майнап чыккан жок. «Эми эмне кылам, кайра артка кайтып ордума барамбы? Анда эле тигилер мени соо коюшпайт. Өзгөчө анын темир түтүк менен башка чаап эсин оодарган, башы жарылган далдайган киши мени кармачу болсо соо койбойт. Моюнумду толгоп туруп жулуп алат. Эми эмне айла кылам. Караңгы капастан чыга албай ушул жерде ачкалыктан келемиштерге таланып, жем болуп өлөмбү? Бул жерден менин дайынымды таба албай калат. Мени үйдөгүлөр, шаардагы эжем жоготту го, өлүп калды деп ойлоп жатышат да, эгер чын эле ушул жерде өлүп калсам эмне кылам? Ансыз деле өлө турган маалым, ажалым келди окшойт». Диана айласы кеткенде көз жашынан күчүн чыгарды. Чымырканы дагы бир жолу ары жакка өткөнгө аракет кылып көрдү эле болгон аракети талаага кетти. «Артымдан куугундар келсе эмне кылам? Кайра артка сүйрөп чыгышпайт, ушунун ичинен атып салышат же бычактап өлтүрүп кетишет». Улам- улам арт жагын карап коюп темир түтүктүн үстүндө соолуп жатты. Жатып-жатып кайрада көзү илинип кетти, канча жатканы белгисиз, бир кезде бир нерседен чочуп ойгонуп кетсе келемиштер үстү-башына чыгып ары-бери чуркап көбөйүп кетишиптир.

— Чиш-ш, жоголгула шайтан алгырлар. Мен али өлө элекмин, тирүүмүн!

Анын добушунан келемиштер туш-тарапка чачыраша оолак боло беришти. Кээ бирлер эч нерсе болбогондой эле Диананын үстүнөн түшпөй ары-бери жүгүрүп жүрүштү. Ачык турган балтырын бирөөсү тиштеп алды эле ооруганына чыдабай бакырып жиберди.

— Чыщ-щщ, кыщ-щщ, жоголгула башкалар бүтүп, ушу силер жетпей жаттыңар эле! — Диана муштумун түйүп алып болгон күчү менен денесине жабышкан чоң келемиштерди ургулай берди. Келемиштер да алыс кетишпей кайра келип алып эле Диана жаткан чоң темир түтүктүн үстүнө чыгып алышып баш жагынан, бут тарабынан кол сала беришти.

— Жарыбагырлар булар кайдан келип калышты, жана эле аз эмес беле.

Келемиштер менен жарым сааттай салгылашып жатып аябай чарчады, бир тобун муштум менен цементке жапшыра уруп өлтүрүп да жиберди. Келемиштер акырындап суюлуп отуруп кайрадан жок болуп кетишти. Колдору, буттары келемиштердин тиштеринен кызыл-ала да болуп кетти. «Мен ушундай күнгө туш болдумбу? Азыр үстүмдөн элдер эч нерседен бейкапар ары-бери басып жүрүшөт. Кыйкырсам үнүмдү эч ким укпайт, уккан күндө да жардамга келген күндө да мен кайрадан тигилердин колуна түшүп берем. Ой Кудай ай, кайда барсам Мамайдын көрү, эми эмне айла кылам. Ушу күнгө туш келдимби» . Диана өзү менен өзү сүйлөшө жин даарыган немече өкүрүп-бакырып ыйлай берди. Бир кезде үстүнөн дүрүлдөгөн машине өткөндөй болду. Ошондо гана кайратына, эсине келди. «Жо-жок мен жөндөн-жөн эле өлүп берүүгө тийиш эмесмин үстүмдө элдер ары-бери өтүп жатышат, демек жашоо бар, кандай болсо да үстүнө чыгыш керек, бирок кантип?» Көмкөрөсүнөн жата калып колун ылдый жака шалактатты. Анан бир кезде оюна кылт дей түштү. «Баса, мунун үстү кууш болсо, асты кенен болот да, үстү кенен болсо асты кууш болот. Ушуну жмнеге ойлободум экен жанатан бери». Колу менен жоон түтүктүн астын сыйпалап көрдү. Чын эле арт жактагыларга караганда астында көңдөй бош кенен жер бар экен.

Күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир үмүт оту «жылт» этти. «Эми астына кантип өтөм, төрт тарабымдын баары тар, киши алдына сойлоп

өтө албайт», жоон түтүктүн астына түшкөнү кененирээк жер издеп кайра артка сойлоп жөнөдү. Он арыштай артка сойлоп өткөн соң

алдына түшкөндөй кененирээк жол таап, эптеп көйнөк-баштарын,  кийимдерин айрытып түтүктүн астына сойлоп түштү. Анан кайрадан алдыга карай сойлоп жөнөдү. Алиги үстүнөн батпай жаткан өткөөлдүн астынан өтүп кетти. Ошол боюнча бир тыным албай сойлоп жүрүп отурду. «Оо, Кудайым бар экен, али ичээр суум, көрөр күнүм бар окшойт» өзү менен өзү сүйлөшө сойлоп кетип бара жатты. Бирде төрт аяктап жылып, бирде жапыз жерден сойлоп баратып тизеси менен чыканагынан эч тамтык калбай калды. Жалкоотай тартып, муздак цементке тийген сайын катуу оорута берди. Бул жерде калууга болбойт болчу. Артта куугунчуларга кармалып калышы, келемиштерге жем болушу мүмкүн эле. Сойлоп жүрүп отуруп акыры чоң, кенен өткөөлгө туш келди. Бул жерде жоон түтүктөр беш-алты жакка бөлүнүп, беш-алты жакка өткөөл кетет экен. Үстүнөн кандайдыр бир жарыктын шооласы да кирип турду. Эки-үч сааттан бери сойлоп келатып тажагандыктан эми тикесинен тик турганга мүмкүнчүлүк алды. Кууш өткөөлдүн учу-кыйры, аягы жок, ушул жерден өлүп калам го деп ойлогон. Оор үшкүрүнө алдындагы жалпак, жылмакай темирге отура кетти. «Крот, сокур чычкандан айырмам жок болуп калды го… Саат канча болуп калды экен, менимче түндөтөн бери беш-алты сааттай убакыт өтүп кетти окшойт… Кой, урушта туруш жок, кандай болсо да үстүнө чыгыш керек. Баса бул кейпим менен кантип кишилерге көрүнөм көрдөн чыккандай болуп, дароо эле сырттагылардын көңүлүн өзүмө бурам. Өзгөчө милиционерлер ошо замат чап кенедей жабышышат мага. Артымдагы пачка акчаларды көрсө андан бетер иш чатакка айланат. Караңгы кирсин анан сыртка чыгып бир жерден суу таап жуунуп, өзүмдү калыбыма келтирбесем болбойт. Бирөөлөргө кабылып калып мынча акчаларымдын бардыгын тонотуп жибербейин.  Баса, бул чыныгы акча болду

бекенби же… албетте, жасалма акча дечи, бирок соодага жарайт болду бекенби? Анда заматта миллионер болуп жатып калат элем. Бул жасалма акчалар соодага жарабаса жанагы кишилер бирден «иномарка» минишпейт эле го. Эх, ушунун баары соодага жаралган

акча болуп калса экен…» Диана өзүнчө кыялы менен байып алды. Улам убакыт өткөн сайын курсагы ача баштаганы кадимкидей билине баштады. «Манты болсо азыр, кандай гана ырахаттанып жейт элем» көзүн жума мискейдеги бууга бышырылган мантуларды элестетип шилекейин жутуп алды. Ал, тээ кичине кезинен эле мантыны жакшы көрчү. Апасынан же атасынан акча алса эле дароо көчөгө барып ашканаларга кирип манты сатып жечү. Өзгөчө сабактан кайтып келатканда автобекеттин сыртында манты саткан дунган кемпирдин мантысын жактырчу. Сабактан кайтып келатканда дайыма манту алып жеп жүргөндүктөн дунган кемпир да аны таанып калган болчу.

Алыстан келатканда эле кыйкырып учурашып, өзүнө чакырып алчу. «Азыр ал кемпир тирүү болду бекенби? Эгер дале манту сатып жүрсө атайын барып туруп жейт элем ошонун мантусунан…» , өзүнчө кыялдана кир болгон колдору менен чекесин сүртүп койду.

Үстүндөгү кичинекей жылчыктан түшкөн шоола акырындап жоголуп отуруп жер алдындагы өткөөл кайрадан капкараңгы болуп калды.

Бир сааттай аркы-беркини ойлоп отурган соң ордунан туруп темир түтүктүн үстүнө чыкты. Үстүндө турган тегерек капкакты түртүп көрдү эле аябай оор экен. Болгон күчүнө салып дагы түрттү, кичине көтөрүлүп барып бир нерсеге такалып калгансыды. Кайрадан төмөн түшүрүп экинчи жолу күч менен түрттү, кайрадан бир аз көтөрүлүп келип эле бир нерсеге такалып калып атты. Төмөн карай кайра түшүрүп туруп болгон күчү менен чымырканып катуу түртүп көрдү. Жанагыдай эле көрүнүш кайталанды. «Шайтан алгырдыкы десе , үстүнөн бекилүү же кулпулануу окшойт. Бир тоскоолдуктан өтсөм өчөшкөндөй экинчи тоскоолдуктарга кабылам. Как выберусь отсюда? Ушинтип азаптан азапка кабылып жүрө беремби?» — кабагынан кар жаадыра бир аз турган соң башын көтөрдү. «Кой, тоскоолдуктарга моюн сунуп бербей өзүмө-өзүм тың болбосом болбойт. Кандай гана кыйынчылык болбосун жеңиш керек. Жашоо бул

күрөш, муну менен өмүр бою күрөшүп жүрүп өтөбүз. Албетте күрөшүш керек бул капкак ачылбаса башка жактарында деле капкак бардыр. Кантип эле сыртка чыга албай калайын. Келемиштер деле жүрөт го темир түтүктүн үстү менен ары-бери жүгүрүшүп… баары бир тамак-аш таап жегени сыртка чыгышат. Алар сыртка кирип- чыгып жүргөндөн кийин аң- сезимдүү мен кантип эле чыга албай калайын». Ордунан туруп кайрадан тегерек темир капкакты түрткүлөй баштады. Түрткүлөп, ургулап атып жедеп чарчаган соң чекесиндеги нымшып чыккан терин аарчый кайрадан отура кетти. «Кызык, жанатан бери тарсылдатып түрткүлөп атам, ургулап атам, дегеле сырт жакта тирүүлүктүн белгиси билинбейт го. Же бул капкак дагы кандайдыр бир мекеменин ичиндеби?.. Дагы бир жолу аракет кылып көрөйүн болбосо убакытты кетирбей башка жактан үстүнө чыкканга капкак издейин», — бир аз эс алып турган соң ордунан турду да капкакты ачууга аракет кылып болгон күчү менен катуу түрткүлөп кирди. Жедеп чарчап, алы кетип тажаганда үмүтү үзүлө шалдайып отуруп калды. Анан төрт жакка чачырап кеткен түтүктөрдү карап каяк жагына жөнөсөм деп ойлонуп турду. Көп өтпөй эле бет

маңдайындагы өткөөлгө түшүп алып төрт аяктап жылып жөнөдү. Өзү сойлоп келген өткөөлгө караганда бул жагы кененирээк экен. Тигил жактан башын анча- мынча көтөргөндө эле үстүнө тийип калып аткан, сойлоп жылганга караганда төрт аяктап жылган жеңилирээк болчу, анын үстүнө бат да жылып кетип баратты. Бир далай жерге барып эс ала темсир түтүктүн үстүнө чалкасынан жата кетти. Эмнегедир келемиштер да ага көнүп калышкандай жолобой калышты. Кез-кез ары-бери чуркап өтүп кетип атышканын сезип жатты. «Өзүм ушунчалык чоң болуп туруп, кичинекей жандыктардан,  макулуктардан эмнеге коркмок элем», Диана өзүнө-өзү кайрат бере бир аз жаткан соң кайрадан ордунан кохголуп, жылып жөнөдү. Ошо боюнча эч бир тыным албай жылып жүрүп отурду. Бир далай жерге чейин барган соң дагы төрт тарапка бөлүнүп кеткен түтүктөргө келип такалды. Анын үстүндө да капкак бар болчу. Бир нерседен үмүттөнө ага дароо жетип барып астынан түртүп көрдү эле дегеле ордунан солк этип койгон түрү жок. Чымырканып болгон күчү менен түртүп көрдү, баары бир эч майнап чыгара албай койду. «Муну сыртынан сваркалап ташташканбы,  эмне кылам?»Эч ойлонбостон андан ары жөнөдү сойлоп. Бир нерсе эсине түшкөндөй дароо токтой калды да түшүп калган жокпу дегендей артындагы

баштыкты сыйпалады. «Өх» деп жүрөгү ордуна келе бир аз тыным алды. «Ушундайда алиги кол фонарик болгондо эмне, айланамды көргөнгө мүмкүнчүлүк алат элем. Баса, жер алдындагы шахтёрлор кантип иштейт болду экен, тимеле адам баласы көпкө чыдай алчудай эмес. Ошо себептен алардын эмгек акысы көп, пенсияга да эрте чыгышат да» — өзү менен өзү сүйлөшө канча жерге чейин жөргөлөп барганы белгисиз, бир кезде дубалга келип такалып калды. Темир түтүктүн айланасын атайын кирпич менен тосушуптур.

Болгон күчү менен түртүп, дубалды козголто албай койду. Цемент аралашып коюлган кирпич тим эле таштай катуу экен. Эртеден бери

бирде жөргөлөп, бирде сойлоп жүрүп жука көйнөгүнүн тамтыгы кетип тизелери, колдору айрылып, канап аябай жүдөтүп жиберди. Кайкайып түз турайын дейт, мүмкүн эмес. Бөк түшүп төрт аяктап басып жүрүп тажап да кетти. Дубалдан өтө албай шалдырап жатып калды, бирок бул жолкуда ыйлаган да жок, ыза болго да жок, тек гана кантип чыгуунун жолун ойлонуштуруп жатты. «Жашоо — күрөш… мен бул дүйнөгө жашаш үчүн, күрөшүш үчүн келгем. Өмүр бою күрөшүп жүрүп өтөм. Күрөш токтосо ичер суу дагы токтойт. Ичээр суум түгөнүп, такыр эле тоскоолдуктарды жеңе албай калганда, тамырымдын акыркы каны соккуча күрөшөм. Мен жөндөн-жөн эле турмуш тоскоолдуктарына моюн сунуп бери койчу адамдардан эмесмин».  Темирдин муздагы денесине өтө баштаганда оң жак капталына оодарылды. «Кой кайра артка кетүүгө туура келип калды, «Урушта — туруш жок» бир аз эс алып жаткан соң ордунан козголуп,

кайра артка жөнөдү. Тизелери менен алакандары кадимкидей жалкоотай болуп, ооруп жөрмөлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей жатты. Ага болбой эле өзүнчө сүйлөнө акырын жылып кете берди. «Жок дегенде жөрмөлөбөй тикеден басма болсо эмне, минтип кыйналбайт элем…, жок анда да болмок эмес, анда артымдагы бул акчанын кожоюндары кууп келишип, мени кармап алышмак. Бир эсептен ушул да жакшы болду. Кудайым мени сынап жатат болуш керек. Ушул тоскоолдуктардан чыгып кетсең жакшы жашайсың деп. Ошондуктан аракет кылыш керек. «Аракетке — берекет» бул жер үстү эмес, «алма быш — оозума түш» деп кебелбей жата бергендей, кандай болсо да жер үстүнө чыгыш керек. Жердин жети кабат түбүнө түшүп кеткен Эр Төштүк деле чыккан. Ушул үч-төрт метр тереңдиктеги жер алдынан чыгалбаймынбы. Болуптур тереңдиги ашып кетсе беш метр деп коёюн. Кантип эле ушундан чыга албай калайын, үстүндө

канчалаган миң, он миңдеген адамдар басып жүрүшөт, кантип эле жер алдында өлүп калайын. Мен бул жерде дайынсыз өлүп калыш үчүн тигил жактан качып чыккан жокмун. Эркиндикке чыгып, жашаш үчүн качып чыктым. Мен али жашмын, он гүлүмдүн бир гүлү ачыла элек. Келечегим али алдыда…» ал өзүнчө сүйлөнүп жылып отуруп төрт тарапка кетүүчү түтүктөрдүн жанына келди. Үстүндөгү бекилүү капкакты үмүтсүз бир түртүп койду да шалдая отура кетти. «Саат канча болуп калды экен, түн ортосу болуп калды болуш керек. Баары

бир азыр эч майнап чыкпайт, эс алайын. Күн чыгып, таң агарганда кайрадан аракет кыла баштайын. Эртеден кечке анан түн ортосуна чейин ары-бери жөрмөлөп жүрүп катуу чарчагандыкта темир түтүктүн үстүнөн төмөн жакка жылмышып түштү да кумдун үстүнө отура кетти. Анан кыйшайып барып көзүн жума жата кетти, катуу чарчагандыктан көп өтпөй эле уктап калды».

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE