Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

КАНТКЕНДЕ ТИШ ООРУЛАРЫН АЛДЫН АЛАБЫЗ?

https://kyrgyzcha.site/?p=35413&preview=true Пайдалуу кеңештер.

КАНТКЕНДЕ ТИШ ООРУЛАРЫН АЛДЫН АЛАБЫЗ?

 

 

Тиш — адамдын саламаттыгынын жана сулуулугунун бир бөлүгү.Тиштин тазалыгы жана дартсыздыгы адамдын жакшы маанайы десек болот. Биз бүгүн тиш маселелерине кайрылып, тиш ооруларынын пайда болуу себептери жана аларды алдын алуу аракеттери тууралуу кеп козгойбуз.

 

Тиштин чириши (кариес)

 

Тиш ооруларынын ичинен эң көп таралганы — бул тиштин кариеси. Алгач тиштин эмалы жумшарып, тиштин үстү чирий баштайт. Тиште кариес башталганда ысык, муздак тийгенде жана щётка менен жууп жатканда оорутуу пайда болот. Убагында дарылабаса ал пульпитке, ал тургай пародонтитке (пародонтит) өтүп кетиши мүмкүн.

 

Кариестин себептери:

 

— Чийки жашылча-жемиштерди аз пайдалануу

— Кантты, таттуу азыктарды көп колдонуу

— Витамин, кальций, фосфордун жетишпестиги

— Тиш гигиенасын сактабоо

— Ичип жаткан суубузда фтордун жетишпестиги

— Бала түйүлдүк кезинде энесинен калцийди көп керектегендиги

Тиш ооруларын алдын алуу учун эн биринчи тиш догдуруна кайрылабыз.

Чоңдорго болсо тиш догдурлар бүйлөнүн ооруларын алдын алууга өзгөчө көңүл бурууга жардам беришет. Эгер тиште таш болсо, аны тазалашат. Көптөр тиштин бир эле жагын жууй бергендиктен, догдурлар тишти кантип туура жууш керектигин үйрөтүшөт. Айрым учурда бейтапты ооз көңдөйүн туура күтүү боюнча кеңештерди бере ала турган атайын адиске жиберишет.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE