Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Келе жаткан орозонуздар кут болсун.

https://kyrgyzcha.site/?p=35410&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Келе жаткан орзоңуздар куттуу болсун?

Ас-саламу алайкум?

Рамазан жана орозо?

Исламдын беш шартынын төртүнчүсү ыйык Рамазан айында күн сайын орозо кармоо болуп эсептелет. Орозо кармоо «савм» деп аталат. Бул сөздүн сөздүктөгү мааниси бир нерсени бир нерседен коргоо дегенди билдирет. Ал эми Исламда шарттарына ылайык Рамазан айында Аллаху таала буюргандыктан күн сайын өзүн үч нерседен коргоо болуп саналат. Бул үч нерсе: тамак жеш, ичиш жана жыныстык катнашта болуу.

Рамазан айына урмат кылуу керек. Орозо кармаганына карабастан гыйбат кылган, жалган сүйлөгөн, көңүл ооруткан, харамдардан сактанбаган адам Рамазан айына урмат кылбаган болот.

Хадиси шарифтерде айтылган?

«Көңүл бургула! Рамазан айындагы сооп жана күнөөлөр кат-кат болуп жазылат. Рамазанда көп намаз окугула! Көп Курани карим окугула!”

«Рамазан айынын келүүсүнө кубанганды Аллаху таала кыямат күнүнүн коркуусунан коргойт.”

«Рамазанды өтө урматтоо керек. Анын ырайымы момундарды кубантуучу. Ал ошондой бир ай, алгачкы күндөрү ырайым, ортосу кечирим жана акыры Жаханнам отунан кутулуу.”

«Эгер пенделер Рамазан-ы шариф айындагы фазилат жана ихсандарды билишкенде жылдын толугу менен Рамазан болуусун каалашмак. Себеби, мында көп сооп бар.”

Баарыбызга маалым болгондой, арадан он бир ай өтүп кайрадан көптөн күткөн Ыйык Рамазан айына кирип келдик. Бул айды мусулмандар «он бир айдын султаны», «он бир айдын ыйыгы», «он бир айдын улуусу» деп билишет. Анткени он эки айдын ичинен жалгыз Рамазан айы гана Куранда баса белгиленген?

Бул багытта аятта төмөнкүчө буюрулат?«Адамдар үчүн ыйман булагы саналган Куран туура жолду көрсөтүүчү жана айкын далилдер аркылуу чындык менен бузукулукту кашкайта таанытуучу абалында Рамазан айында түшүрүлгөн» (Бакара сүрөсү, 185-аят). Аяттын мааниси Рамазан айынын канчалык деңгээлде улуу ай экендигин таасым чагылдырып турат.

Дагы жакшылап үңүлө турган болсок, «Куран», «Рамазан» деген сөздөр бири-бири менен тыгыз байланышы бардай бир сүйлөмдө келип жатат. А Курандын тарыхы болсо ортодогу кубаттуу байланыштын бар экендигин тастыктайт. Асыресе, Курандын Рамазан айында түшүрүлгөнү кашкайган чындык. Мына ушул байланыштан улам Куран менен Рамазан Ислам ааламында ар дайым чогуу аталып келет. Башкача айтканда, «Рамазан – Куран айы» деген түшүнүк калыптанган.

Куран менен Рамазан айынын ортосундагы байланыш башка бир аятта мындайча маалымдалган?«Хаа-м-миим. Ачык-айкын Китепке ант! Биз аны (Куранды) куттуу түнү түшүрдүк… Биз Эскертүүчүбүз. Бул түнү бардык даанышман иштер бөлүштүрүлөт. Бул Жараткандан келген ырайым. Шексиз Ал бүт нерсени Билүүчү жана бүт нерсени Угуучу» (Духан сүрөсү, 1-6-аяттар).

Бул жерде куттуу түндүн кайсы түн экендиги ачык-айкын айтылбаса да, бул көпчүлүк аалымдардын көз карашында Рамазан айындагы Кадыр түн деп эсептелинет. Анткени бул Кадр сүрөсүндө таамай билдирилген?«Акыйкатта, Биз аны (Куранды) кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн – миң айдан да артыгыраак. Периштелер жана Рух ал түнү Алланын буйругун аткаруу үчүн жер жүзүнө түшүшөт. Таң агарганга чейин ал түндү бейпилдик коштойт» (Кадр сүрөсү, 1-5-аяттар).

Духан сүрөсү менен Кадр сүрөсүндөгү айтымдарга карек оодара турган болсок, экөөндө тең окшош маалыматтар камтылганы белгилүү болот. Аалымдар мына ушул себептен улам Духан сүрөсүндө айтылган «куттуу түн» Кадр сүрөсүндө «миң айдан артык» деп сыпатталган «кадыр түндүн» өзү экендигин ырасташкан.

Бул аяттар бизге Алланын Китеби саналган Куран-и Карим ыйык Рамазан айында, Рамазандын куттуу түнү саналган Кадыр түндө түшүрүлө баштаганын ачык билдирип турат.

Айрым булактарда айтылгандай, Арап эли Исламдан мурда деле Рамазан айын ыйык ай деп эсептешкен. Ошол доорлордо кандайдыр бир согуш чыгып кетип, ага улай Рамазан айы кирип келе турган болсо, согуш дароо токтотулуп эл кадыресе жай турмушун улантчу экен. Мындайча айтканда, ошол доорлордо Рамазан «тынчтык айы», «бейпилдиктин айы» катары адамдардын аң-сезимине кыттай уюган.

Ошентип арадан агылып жылдар өткөндөн кийин Жараткан Алланын буйругу менен Куран Рамазан айында түшүрүлө баштайт. Анын үстүнө Рамазандын кадыр-баркынын Куранда өзгөчө белгилениши анын зоболосун дагы да бийиктетип салат. Мурдагы «тынчтык айы», «бейпилдик айы» коомчулуктун мусулман болушунан тарта жана Куранга болгон ынтызарлык себептүү «ибадат айы», «Куран айы» катары улуу даңазага ээ болот.

Ошондон тарта бул айда эч ким зыян тартпас болот. Киши канын суудай агызган согуштар токтотулуп, азуу кайрашкан душмандар элдешет. Адамдар бир жерден бир жерге эч кимден коркпой бейгам бара баштайт. Күнөө, арам иштердин баары тыйылат. Бири-бирине колдоо көрсөткөн кайрымдуулар көбөйөт. Зекет, садака, үшүр дегендер такай таратылчу болот. Жакыр адамга жардам көрсөткөн бардар мусулман Рамазан айынын шарапатынан улам өзүн бактылуу сезсе, куттуу айдын мол берекесинен пайдаланган кембагал бүлөлөрдө күлкү жаңыра баштайт. Ошентип Рамазан айынын маанилүүлүгү калктын калың катмарына тез эле сиңип, бүткүл Ислам ааламы бейпилдиктин, бактылуулуктун кучагында өмүр кечирет.

Рамазан айы жакындап калганда мусулмандар руханий жактан өзгөчө даярдык көрө башташат. Азирети Пайгамбарыбыз баш болуп бул ыйык айда Куранды баштан аяк окуп чыккан. Окуганда да Жабраил периште менен маңдай-тескей олтуруп алып бири-бирине окуп, жатталган Куранды бышыктаган. Буга күбө болгон сахабалар да башка мезгилдерге караганда Рамазан айында Куранга өзгөчө көңүл бурушкан. Рамазан айында Мединанын көчөлөрүндө баскан адам ар бир үйдөн Курандын кубулжуган авазы жаңырып турганын уккан. Ошол кездерде Мединадагы ар бир үй «Куран медресесине» айланган. Мунун баарын бизге Исламдын белгилүү булактары маалымдайт.

Алла Элчиси менен Жабраилдин, андан кийин кутман сахабалардын өз ара бет маңдай олтуруп алып Куран окуу салты күнүбүзгө чейин уланып, «мукабала» деген аталыш менен мусулмандардын жүрөгүндөгү Куранды бышыктап келет. Айрыкча Ислам ааламынын маанилүү шаарларынан саналган Стамбулдун мечиттеринде Куранды жакшы окуган каарылар Рамазан айында багымдат, бешим же дигер намаздарынан кийин кезектешип жамаатка Куран окуп беришет. Мына ушундай усул менен күн сайын бирден пара-жүз окуган каарылар, отуз күндө Куранды баштан аяк окуп чыгышат.

Абдан пайдалуу, асыресе, Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтү саналган бул салтты бүтүндөй Ислам ааламы Рамазан айында кайрадан жандандырышы керек. Ыйык Рамазан айында жер жүзүнүн мусулмандар жашаган бардык аймактарында Курандын үнү жаңырып турса кандай сонун болор эле. Куранды тек гана кубулжутуп гана окубастан анын маани-маңызы да жумурай журтка түшүндүрүлсө нары сооптуу, нары пайдалуу иш болмок. Элдин динге болгон аң-сезими жогорулап, жаман жоруктар оңолмок. Ошондо көпчүлүктүн мээсине кадалган «согуш, терроризм фиолософиясы» өзүнөн өзү жоюлуп, «Ислам — тынчтыктын, бейпилдиктин дини!» деген түшүнүк жаралмак. Эң кейиштүү жагы бүгүнкү күндө Ыйык Рамазан айы киргенине карабастан Курандын үнү жаңырмак тургай, ракетанын, бомбанын коркунучтуу үнү Ислам ааламынын үшүн алып турат.

Мындай шартта мусулманга кайра эле мусулман кол сунушу керек. Бөтөндөр кол сунушу мүмкүн. Бирок алар кызыкчылык үчүн кол сунат. Ошондуктан Ыйык Рамазандын шарапаты менен мусулмандын дартын мусулман уксун. Мусулман мусулман бир тууганына мусулманча насаатын айтсын, айтылгандар мусулманча кабылдансын. Мусулмандар бул улук айдын шарапаты менен Курандагы буйруктарды аткарууга бел байлашсын. Куранда арам деп эсептелген нерселерди таштоодо бири- бирибизге жардам берели. Эселенип сооп жазыла турган айлардын султанын текке кетирбей колунда жок диндештерибиздин муктаждыгын колдон келишинче камсыздаганга аракет кылалы. Кайрымдуулук кылганга бири-бирибизди үгүттөйлү.

Пример HTML-страницы

Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Рамазан айы киргенде кайрымдуулук жаатында кудум ысык аптапта адамды сергиткен «салкын желаргыга» айланып, муктаж мусулмандарга колундагы мал-мүлкүн таратып бергенден ырахат алчу экен жарыктык Пайгамбарым?

Андыктан биз мусулман катары Ыйык Рамазандын аягына чейин күн сайын Курандан бир «пара-жүз» окуганга көнүшүбүз керек. Эгер бир күндө бир «жүз» окуй албасак, жарымын окуйлу. Башта айтып кеткендей, жөн гана окуп койбостон анын маани-маңызын түшүнгөнгө аракет кылалы. Аяттардын бизге эмнени буйруганын, бизге эмнелерди кабар берип жатканын билгенге кызыгалы. Арапча жазылган текстин окуй албасак, кыргызча котормосун окуп, маанисине терең ой жүгүртөлү. Куран Жараткан Алла Таала тарабынан бизге жиберилген жакшылык жарчысы, дүйнөдөгү эң Ыйык Китеп экенин унутпайлы. Андыктан ага аяр мамиле кылып, даарат менен гана кармап, Алланын ыраазылыгы үчүн гана окуйлу.

Эгер сиз бир бүлөнүн атасы болсоңуз, уул-кыздарыңызга Куран окуганды үйрөтүңүз. Бул сиздин аталык негизги милдетиңиз болуп эсептелет. Кудайга шүгүр дешибиз керек, учурда Куранды үйрөнүү үчүн өлкөдө эч кандай тоскоолдук жок. Жаңы үйрөнчүктөр үчүн кыргыз тилинде жарык көргөн китептер көбөйүп эле калды. Мечиттерде атайын Куран сабактары өтүлөт. Дүйнөгө түркүк болор эч ким жок. Ажал келген күнү дүйнө салабыз. Артыбыздан бизге Куран багыштай турган перзенттер калышы керек.

Мына ушундай изги иштерди баштай турган болсок, Рамазандын берекеси менен дагы да тез үйрөнүп, дагы да көп соопко эгедер болобуз. Айрыкча Ыйык Рамазанда Куранды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алабыз

«Рамазан айында бир күнөө кылуудан баш тарткан адамдын он бир айлык күнөөсүн кечирет.”

«Рамазан Айт күнү периштелер жолдордун четтерине турушуп, Айт намазына бара жаткандарга мына бул сүйүнчүнү беришет?Эй момундар жамияты, силерге сыйлык, жакшылык жана мол-мол ниматтарды бере турчу керем жана ихсан ээси Раббиңерден тилегиле! Себеби, Ал силерге түндү ибадат менен өткөрүүнү буйрук кылды, силер орундадыңар. Ал силерге күндүз орозо кармоону буйрук кылды, силер кармадыңар. Ал силерге Раббиңерге моюн сунууну буйрук кылды, силер болсо моюн сундуңар. Андай болсо сыйлыгыңарды алгыла! Намаздан кийин бир периште мындай деп нида кылат (үн салат)?Эй, момундар, билгиле, бүгүн шексиз сыйлык күнү, күнөөлөрдөн кутулуу күнү жана айыптардан тазалануу күнү.”

Орозонун фарздары?

Орозонун үч фарзы бар?

1- Ниет кылуу

2- Ниетти алгачкы жана соңку убакыт аралыгында кылуу.

3- Имсак убактысынан күн батканга (шамга) чейинки аралыкта орозону буза турчу нерселерден тыйылуу.

Орозого ниет?

Рамазан жана нафил орозого ниеттин алгачкы убактысы күн баткандан (шамдан) кийин башталат. Соңку убактысы эртеси күнкү түшкү намазга бир саат калганга чейин болот. Ал эми каза жана кафарат орозолорунун ниети шамдан имсак убактысына чейин уланат.

Рамазандагы орозого ниет кылганда шамдан имсак убактысына чейин «Аллах ыраазылыгы үчүн эртең орозо кармоого ниет кылдым”, имсактан кийин «Аллах ыраазылыгы үчүн бүгүн орозо кармоого ниет кылдым”, — деп айтылат. Жаңылышып ката айтылса да орозо кармай турган күн маалым болгондуктан зыяны жок. Рамазанда бир айлык орозосу үчүн жалпылап бир жолу ниет кылууга болбойт, ар күн үчүн бөлөк-бөлөк ниет кылуу фарз болуп саналат.

Түндө жатарда тамактанып же тамактанбастан ниет кылса кийин түндө ойгонгондо, сахурга турганда тамактануунун зыяны жок. Жада калса кечки тамактануу маалында эртеңки орозого ниет кылып кою жакшы болот. Ниеттен кийин имсак убактысына чейин ичип-жештин зыяны жок. Рамазанда «эртең тишим оорубаса орозо кармайм, ооруса кармабайм” деген сыяктуу күмөндүү ниет менен орозо кармоо сахих болбойт.

Ооз ачарда?

Күн батканы анык болгондон кийин алгач аузу-бисмиллах айтып?

«Аллахумма йа васиал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумул хисаб”дубасы окулат. «Эй, кечирими мол Аллахым! Кыямат күнү эсепке тартканда мени, эне-атамды, устазымды, аял-эркек бардык мусулмандарды гафу кыл” деген маанини билдирет. Артынан «Йа Раббим, Сен үчүн орозо кармадым жана Сенин берген ниматтарың менен орозомду ачканы турам. Мени эне-атамды жана бардык мусулмандарды кечире көр” деп айтып, мүмкүн болсо хурма менен же болбосо сүт же суу менен ооз ачкан жакшы.

Бир-эки жутум нерсе жегенден кийин «Захабаззама вабталлатил урук ва сабатал ажр иншаллаху таала” дубасын окуп, тамактанууну баштайт. Бул ооз ачар (ифтар) дубасынын мааниси?

«Ачкалык бүттү. Тамырларыбыздын суу менен кезигүү маалы келди. Иншаллах сооп жазылат.”

Тасбих таравиха?

Показать скрытое содержимое

سُبْحَانَ ذِي المُلْكِ وَالْمَلَكوُتِ سُبْحَانَ ذِي العِزَّةِ وَالعَظَمَةِ وَالْقُدْرَةِ وَالْكِبْرِيَاءِ وَالجَبَروُتِ سُبْحَانَ الْمَلِكِ الْحَيِّ الَّذِي لَا يَمُوتُ سُبُّوحٌ قُدُّوسٌ رَبُّنَا وَ رَبُّ الْمَلَائِكَةِ وَ الرُّوحِ لاَ إِلَهَ إِلاَّ الله نَسْتَغْفِرُالله نَسْأَلُكَ الْجَنَّةَ وَ نَعُوذُبِكَ مِنَ النَّارِ

 

«Субхаана зил-мулки уал-малакуут. Субхана зил-иззата уаль-азамати уаль-кудрати уаль-кибрия-и уаль-джабаруут. Субханал-малики-хаййл-лязи ля йамуут. Суббуухун куддуусун раббуна уа раббул-маляяикати уарруух. Ля иляха илляллаху настагфируллаах насалукаль джанната уа на- узу бика минаннар».

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE