Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Оюндан от чыкты 5 бөлүм

ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ..

 

5-БӨЛҮМ…

Узуун унаа дарбазага келип токтоду..Ичинен Айбек секирип түшүп ичкериге кирип кетти..Ары жакта чылым чегип олтурган Дамир болбойбу дегенсип акшыраңдап карап жатты.Балдак көтөргөн аялды Айбек эки колуна көтөрүп айлантып жатты.

МЕН БАКТЫЛУУУМУУУН….ЭХХЕЕЙЙ РАХМАААТ..Бул деген Айбектин асман жарган үнү болчу…

—Түшүрчү уят..Ээк жаш балага окшобочу жааным..

Бул үн Дамирдин кулагын жарып өттү..Ишене албай нары өтүп карады..

Оооба бул деген өзүнүн аялы Айданек болчу..Таң калып жер тоголок дегени ушул экенда..Кудайдын улуктугун кара ушуну баспайт деп чандым эле,мынтип басканын жана сүйүктүүсү менен көзүмө көрсөтүп койду..

Дамир тигилер алаксып жатканда жол жака чыгып автобуска түшүп кетип калды…Дамир Дамир брат деп эле Айбек таппай калды..Эч нерсеге түшүнбөй кол телефонуна чалып жатты..Түүүүүүтт…түүүүт…түүүт болду башка гудок кетпеди өчүрүп салды.

Данек мен сени бир досум менен тааныштырайын дедим эле кетип калыптыр..Кызык эмне болду экен иши чыгып калганго.Мейли эми өзүбүз майрамдайбыз.

Үйгө барышып балдарды алып эс алуу жайларына барып жүрүштү..

 

—Данек аллахка рахмат.Сен басып кеттиң менден бактылуу жан жок.Экөөбүздүн бактыбызды берсе экен э..Экөөбүз дагы балалуу болобуз..

 

—Кудай буюруса бирок врач беш алты жыл төрөбө деди жок дегенде.Сага убал э отуздан ашып бартасың балаң жок.Мен төрөгүчө кыркка чыгат экенсиң.Башканы тап десем болбойсуң…

 

—Чүүш жаным деп оозун өөп жаптыда кулагына андай сөздү уккум жок бүгүн..Мага силер болсоңор болду.Данек эмки жумада кетебиз.Эртең билет алам.

 

—Чынбы ээ урее мен мекенимди сагындым..Маакул айтканыңдай болсун деп бир аз жүрүшүп үйгө кетишти..Түндө сменге жумушуна кетип баратып Данекти бекем кучактап өөп мен сени сагынган бойдон жүрөм..Батыраак таң атса жаныңа келсем экенн…

Айбеееек билет алганды унутпааа..

 

-Иий ооба жакшы эстеттиң деп бүт документтерди алып ,баарын кучактап өөп чыгып кетти..

 

Жумуштан чыгаарда Айбек Дамирге таарынып досум кече эмне кетип калдың ?-деп сурады…

 

—Аа кечеби телефонго чалып калды баягы бир братаным бар элего ошол токой жактан авария болуптур тез ошол жака барышым керек болуп калдым жетишпей калдым айтканга..Бүгүнда барып келеличи ошол жака.

 

—Бүгүн мен билет алмакмында.Кетмекпиз.Сени коноко чакырайын дегем.ЭЭк мейли анда эртең алам кеттик..Звонтетип айтып койойун десем зарядым өчүп калыптыр…

Жөнөп кетишти..

Бул иштин артында Дамирдин жаман ою турган.Токойго жетишип ары жүрүп кете беришти..

 

-Дамир токойдун арасында эмне бар?Ушул жака кирип авария болуптурбу?Кана машине?

 

-Айбек досум азыр ушул жерлерде болчу деп адашкан кишидей токтоп сыртка чыкты.Эки жакты эч ким жокпу деп карап жатты…Айбекда чыгып тегерек четти карап жатканда Дамир колундагы дубинкасы менен жаткыра чапты..Башы жарылды жатып калды.Эч ким көрбөсүн деп шашыла чөнтөгүндөгү бүт документтерди алдыда жүрүп кетти.

Шаарга кирип келди..Данек Айбекти келип калат деп күтүп жаткан.Баягы жардамчы кыз тамак даярдап.Бүгүнда майрамдын уландысы болмок.Кечке күттү келбеди.Кечинде Айбектин оордуна Дамир эшикти такылдатып турду.Сүйүнгөн Данек өз бутум менен эшикти ачып тосуп алайын деп жаай кадамы менен баратты.Өзү жактырган сыя-көк өңдөгү атластан көйнөгүн кийип чачын тармалдатып боёнуп алган.Бүгүн ушунча ажарлуу эле.

Эшикти ачып эле кучагына жыгылды.Кайра чоочуп кетти.Карабай туруп мынткенине.

—Дамир сен кайдан?

Кантип таап келдиң?Акылдан алжыдымбы мен ыя?

 

—Данек кандайсың жакшысыңбы?Айбек экөөбүз чогуу иштечүбүз магазинде.Сени кече чыгарганы барганда ушунча бактылуулугуңду көрүп кызганып кеттим.Мен сени сагындым.Мурункуларга мени кечирчи.Балдарымды өзүм тарбиялоого уруксат берчи,??

 

—Айбансыңго сен.Бул жөнүндө кепда болушу мүмкүн эмес.Менин күйөөм бар азыр.Мурун ойлонуш керек болчу..

 

—Айбегиңе сүйөөрүмдү түшүндүрсөм тоскоол болбойун деп могу документтерди берип кетип калды.Бактылуу болсун деди.

Пример HTML-страницы

 

—Антиши мүмкүн эмес.Ал кайакта?

 

—Маакул ишенбесең.Балдарды бир көрөйүнчү…

 

Данек ойлонуп Айбекти бирдеме кылганго деп шекшип билүү үчүн үйгө киргизди.Балдар андан чоочуп барбай коюшту…

 

—Мындай Дамир сен мага Айбек кайакта экенин айтасың болбосо мен милицияга барам. Уктуңбу?

 

-Барсаң бара бер ал мурунку иштеген жагына кетем деп айткан..Ал сени жакшы көрсө таштамак эмес…Мен сени жакшы көрөм.Кечирчи…Мурунку каталарымды кайталабайм эми кечир мени…

 

Экөө эки башка үйдө жашасада Дамир өз үйүндөй кылып күндө келе берди..Данектин сураштырып издебеген жери калбады.Акыры Дамир коркутууга өттү..

 

—Эгер мени менен жашабасаң сени өлтүрөмда балдарымды алып качып кетем.Сени эч ким тапкыс кылам..Бүгүн атаңа звонтетесиңда азырынча барбай калганыңды айтасың.Бүт документтер менде качып кете албайсың.Эгер качканга аракет кылсаң Айбекти табамда өлтүрүп туруп сенин алдыңа башын чаап койом.Мага баарыбир балдарды жок кылам..

 

—Сен айбансың.Сен мыкаачысын..Айбек кана дееейм.??

Мындай ыйдан пайда чыкпады.Үйдү сыртынан жаап кетет.Телефондорду алып алган үй камагында жатышты.Акчалары жок же..Баягы нянька кызды кетирип салган.

Айласын таппай олтуруп калды.

Кыш айлары..Нянька кыз кийимге келгенде телефонун терезеден алып Кыргызстанга звонтетип кырдаалды айтпай эле акча салуусун өтүнду..Ошол эле кыздын фио жазып жиберди.Баары ачыка чыкса Айбекти бир нерсе кылат деп коркуп жатты..Дамир бир күнү Данекти балдарды алып эс алганы чыгабыз деп жөнөп калышты.Данектин бели ооруп кетип көмкөрөсүнөн жатып алган машиненин арткы орундугуна..Түп жагынан отургучтун көгүш нерсе көрүндү.Сууруп чыга койду эле бул Айбектин паспорту болчу.Алып ичине каттыда ыйлап жиберди.Бул акмак муну өлтүрүп салганго болбосо кайдан болсода таап келмек деген ойдо….

 

—Эй сага не болду?Эмне ыйлап жатасың?-деп корс тийди…

 

—Эч нерсе,жаным ооруп кетти..

Ошентип билбемишке салып күндү өткөздү.Өзү качуунун планын ойлоп жатты.Акча салып жиберген атасы.

Паспортторун эптеп алыш керек.

30-декабрьга качууну көздөп жатты..

Кыргызстанга кетүүчү машине менен сүйлөшүп жети адам түшчү камданып жатты билдирбей..

Дамир уктап жатканда ключту алып ийзин пластилинге түшүрүп алды.Аны барып баягы кыз жасатып келди.Үйдөн чыга алышат.Күдө бир маал үйүндөгү буюмдарды аздан ошол кыз иштеген ишканага алып барып топтой берди..Паспортторун кыдырып жүрүп акыры Дамирдин бир эскиии наскилери салынган жаман пакеттин ичинен таап чыкты..

Ошол күнда келди.Дамир жумушка түнкү сменге кетип баратып Данек мен азык-түлуктү эртең алып келем жакшы отурабыз.Үйдү тазаласаң э..

Маакул аракет кылам,бирок мага эңкейген болбойт экенин билесиңго..

 

—Ээ энең врачтарың айта бербейби.Басып жүрөсүң өлбөйсүң уктуңбу..

 

Бул сөздөр каттуу тийседа жинин ичине жутуп калды.Кыргызстанга жетип алсам Айбекти издетип муну жок кылам деп ойлоп жатты..Кечки саат сегиз.Элдин баар колдорунда балаты,жаңы жылга азык-түлүк,маанайлары мыкты жүрүшөт.Данек болсо эки баласын ээрчитип падвалга келди.Сумкалары адам көтөргүс.Машинеси саат онго даяр болуш керек эле эч эле келбейт.Орустар сумкалары менен кошо чыгарып койгон..Данек ошондой чооң шаарда аялдамада машине күтүп турду.Звонтетсе эле баратабыз дейт жок..

Жаңы-жылды ким жолдо тоскусу келсин.Ыйлаганын айтпа.Суукта тоңуп калышты.Буттары карышып бутунун астына кардон коюп турушту…Ары бери өткөндөр сурайт унчукпайт..Ыйлап жатты..Таксистерда биринин номерин бирине берип кыйнап жатышты.

Бирөөсүнө звонтетти эле карындаш эми келдим укташым керек деп болбой жатты.Акыры жалбарып ыйлап жиберди.

—Айланайын байке мени түшүнсөңөр

Түнү менен тиги бизди камака алып жаткандан качып кетпесек эртең менен жумуштан чыкса таап алат,өлтүрөт..Күйөөмдүда өлтүрүп салган окшойт.Ичиңиз ачышсынчы..Балдарым менен көчөдөмүн бараар жерим жок,тоңуп калдым.Кудаай ай жашоо мынча татаал.Суранам мени Казакстандын границасынан өткөзүп коюңузчу деп жатты..

Муну уккан тиги жашы өтүп калган байке ичи ачышып уктабастан кайра жолго чыкты…

Түнкү саат үчтөрдө аялдамага келди.Ушундай суукта аялдамада алты сааат турган булар машина келгенде ыйлап жиберишти…Эптеп уктабай тез айдап булар границадан чыгып кетиштида,бир жатаканага барып токтошту..

Айбектин паспортун баягы кыздан посольствого берип жиберди.Болгон окуяны айтып.Ким күнөөлү экенинда айтып Арыз жазып койду.

Ошол күнү эле Дамирди ошол жактагы Полиция менен сүйлөшүп издөөгө салышты..Жумушунан таба алышпады.Бул убакта Дамир булардын кандай качканына башы жетпей полицияга өзү жөнөгөн.Балдарымды алып качып кетиптир деп айтканы.Айбектин паспорту жөнүндө кабары жок эле.

Ошол жактан дароо камака алып сурак жүргүзүп башташты…

 

Уландысы бар

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE