Пример HTML-страницы

Таасирдүү окуя.

https://kyrgyzcha.site/?p=35396&preview=true Кызыктуу окуялар.

=АРЗАН КИЙИМДИН ИЧИНДЕ БАЙ ЖҮРӨК ЖАШААРЫН ЭСТЕЙ ЖҮРҮҢҮЗ=

(Таасирдүү окуя)

 

Алыскы айылдардын биринде сөзгө десе сөзгө чечен, акыл десе акылга бай адам жашаган экен бирок тагдырдын буюругу менен ал адам кедей болгон экен.

 

Кедейликтин айынан күнүмдүк нанын кыйынчылык менен тапкан. Баарынан да жокчулук жаман дегендей кийимдери да сапатын жоготкон эле.

Күнүмдүк нанын үйдөн үйдү кыдырып «Мага кайрымдуулук кылып садака бересизби» деп таап жээчү эле.

Атаканат баардыгы эле берсечи….

Байкушту » Көзүмө көрүнбөй кет жогол, самсалап дагы келдиңби» деген сөздөр менен кууп салышчу эле. Байкуш ушул көрүнүштүн айынан көп күндөп оозуна наар албай калат эле.

 

«Аалам боорукер адамдардан кур эмес» деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Анткени көптөн бери көрүп боору ачып жүргөн «Бай адам» жокчулуктун азабын тартып жүргөн кеменгер адамга «Жаңы кийим кечектерди» белек кылат.

 

Бул белекти алган күнү эле үйлөрдү кыдырып баштайт. Кымбат жана жаңы кийимдерди кийип садага сурап турганын көргөн биринчи эле үйдүн кожоюну:

«Мырзам үйүмө кириңиз биз менен кошо тамактаныңыз» деп үйүнө алып кирет.

Мындайды көрбөгөн байкуш кеменгер көзүнөн жаш айланат анткени үстөлдүн үстү ар түркүн тамака толуп турган эле.

Кеменгер куурулуп бышкан эттен бирди алып жаңы кийимдерине » Садагасы сен жечи, сен курсагынды

тойгузчу, сен сен деп» ар түркүн тамактар менен кийимдерин сыйлап баштайт.

Бул көрүнүштү көрүп турган үйдүн кожоюундары бир чети таңкалышса бир чети түшүнө албай коюшат.

Үйдүн кожоюну: » Мырзам кечиресиз бирок кийимдер тамак жебейтго, туурабы?

А сиз эмне үчүн кийимдерге тамак сунуп жатасыз деп сурайт».

Кеменгер: «Чындыгында сиз мени жаңы кийимдерим үчүн гана үйүңүзгө алып кирип тамака сыйлап жатасыз. Анткени кече күнү эски кийимдерим менен келсем кууп салдыныз эле. Ошол үчүн мен жаңы кийимдеримди сыйлап жатам алар болбосо бул нерсени көрбөйт элем» деп жооп берет.

Бул сөздү уккан кожоюундун уятынан өңү бузула түшөт.

 

?ЭСКЕ АЛУУЧУ НЕРСЕ: Эч убакта адамдын сырткы келбетине карап чечим чыгарба. Анткени арзан баалуу кийимдин ичинде кымбат баалуу жүрөк жатканын билбейсиң!

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE