Пример HTML-страницы

АДАМ ДЕГЕН КИМ?

https://kyrgyzcha.site/?p=35388&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АДАМ ДЕГЕН КИМ?

 ***********************

(Ислам аалымы Бедиуззамандын айткандары атактуу философтордун да оозун ачырат)

—————————

СОКРАТ: Адам — сурай ала турган жаныбар.

ПЛАТОН: Адам — коом менен жашай турган жаныбар.

АРИСТОТЕЛЬ: Адам — ойлонуучу жаныбар.

ИММАНУИЛ КАНТ: Адам — изилдөөчү жаныбар.

КАРЛ МАРКС: Адам — күрөшүүчү жаныбар.

БЕДИУЗЗАМАН САИД НУРСИ: Адам баласы – бул аалам дарагынын эң акыркы жана бышып жетилген мөмөсү…

– Мухаммад алейхиссалаату вассаламдын акыйкаты жагынан асыл уругу…

– Аалам Куранынын эң улуу аяты…

– Алланын эң улуу ысымын алып жүргөн Аятул Курсиси…

– Аалам сарайынын эң сыйлуу коногу…

– Ал сарайдагы башка тургундарды башкарууга мүмкүнчүлүгү болгон эрктүү кызматкери…

– Аалам шаарынын жер тилкесинин бакчасы менен талаасында өндүрүп сарптоо менен дыйканчылык кылуусун көзөмөлдөөчү кызматкери…

– Жүздөгөн илимдер менен миңдеген өнөрлөр аркылуу куралданган эң чуулгандуу жана жоопкер көзөмөлчүсү…

– Бул аалам өлкөсүнүн жер мамлекетинде Эзелтеден түбөлүккө чейинки Падышанын абдан кылдат көзөмөл алдында турган текшерүүчүсү жана жердин халифасы…

– Кичине болобу, чоң болобу бардык кыймыл аракети жазылып турган тескөөчүсү…

– Асман, жер жана тоолор көтөрүп жүрүүдөн тайсалдаган улуу аманатты ийинине алган…

– Алдында эки кереметтүү жолу бар, бир жолго түшсө жан-жаныбарлардын эң бактысызы, ал эми экинчисине түшсө, жан-жаныбарлардын эң бактылуусу…

– Бардык макулуктардын ибаадаттарын камтыган ибаадаттар менен милдеттендирилген кулу…

– Бул ааламдын Падышасынын эң улуу ысымына бөлөнгөн жана Анын бардык ысымдарын чагылдыра ала турган күзгүсү…

– Жараткандын кайрылуусун жана айткан сөздөрүн түшүнө ала турган өзгөчө маектеши…

– Бул ааламдагы жан-жаныбарлардын эң муктажы…

– Чексиз муктаждыгы жана алсыздыгы менен бирге чексиз максаттары, арзуулары жана чексиз душмандары жана аны жабыркаткан зыяндуу нерселери бар болгон бечара жандык…

– Жөндөмдөрү жагынан эң бай…

– Жашоодон ырахат алуу жагынан эң кейиштүүсү жана ырахаттары коркунучтуу кайгылар менен толгон…

– Түбөлүктүүлүккө абдан ашык, муктаж, ылайык жана эң татыктуу болгон, кийинки жашоону жана түбөлүктүү бакытты чексиз дубалары менен каалаган, жалбарган жана бүт дүйнөнүн ырахат жыргалдары ага бериле турган болсо, анын түбөлүктүүлүккө болгон эңсөөсүнүн алдында арзуу-тилектерин кандыра албаган, ага орошон жакшылыктарды ыроологон Затты жан дили менен сүйгөн, сүйдүргөн жана сүйүлгөн абдан укмуштуудай Жараткандын кереметтүү кудурети жана таң калыштуу макулугу…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE