98 жаштагы Садык Алимов бүткүл СССРдин атынан европалыктарды окутуп келген 

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну Садык Алимов советтик Орто Азия республикаларынан алгачкылардан Европага окуганга эмес тажрыйба бөлүшүү үчүн барган. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Садык Галимов 1926-жылы 20-майда Өзбекстандын Фергана өрөөнүнүн Кокон шаарында туулган.Жакыр үй-бүлөдө чоңойгондуктан орто мектепти аяктагандан кийин 16 жашында темир жолго жумушка орношкон.

«1942-жыл, Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи жылы болчу. Мен паровоздо от жагуучу болуп иштедим. Өзүмдүн нөөмөтүмдө от жагуучу жайга 8-10 тонна көмүр ташташым керек болчу. Бул өтө оор жумуш бирок менин булчуңум машыккан адамдардыкындай эле. Узун бойлуу, чымыр жигит элем. Кийинчерээк машинисттин жардамчысы курсун бүтүрдүм. Бүтүргөндөн кийин жаракат алгандарды өлкөнүн ооруканаларына ташыган фронт темир жолуна жумушка орноштум. Бирок мен кичинекей кезимден эле окууга кызыкчумун. Жеңиштен кийин документтеримди Ташкент политехникалык институтуна жөнөтүп, тапшырдым. Күндүз окуу, кечинде машыгуу. Мен кичинемден спортко кызыгып, студент кезимде күрөш боюнча спорт чеберине талапкер болдум», — деп эскерет Садык Алимов.

1953-жылы жогорку окуу жайды аяктагандан кийин бөлүштүрүү жолу менен Нарын облусунун Миң-Куш айылына жөнөтүлгөн. Ал жерде союз убагында уран рудасын казып алуу жана кайра иштетүү боюнча жабык аскердик ишкана болгон.

1955-жылы Садык Алимов Тоо-кен комбинатынын алдындагы гидрометаллургиялык заводуна Кош-Тегирменчи айылына (азыркы Кара-Балта шаары) жөнөтүлгөн. Бул мезгилде турак-жай кварталдары, маданият сарайы курулуп, спорт комплекси жакшыртылган.

Пример HTML-страницы

Жаш адис Садык Алимов Миң-Куштан келгенде бул жерге технологиялык жабдууларды чогултуп жатышкан. Ал дароо эле уран рудасын кайра иштетүү боюнча цехтин куратору жана башчысы болуп дайындалган. Анын карамагында 130 адам, анын ичинде 9 инженер, 4 техник, механик, электрик жана химия лабораториясынын лаборанттары болгон. Ал уран рудасын кайра иштетүү боюнча үйрөтүп, бул тармактын өнүгүү тарыхына кирген.

«Мен жабдуулардын күтүлгөндөй орнотулушун көзөмөлдөдүм. Советтер союзунда уран өнөр-жайы боюнча адистер анан калса маалымат да аз болгон. Батыш тарап болсо тажрыйбалары менен бөлүшкөн эмес. Биз сыноо жана ката аркылуу биз үчүн жаңы болгон тармакты изилдеп, өнүктүрдүк. Өзүбүз майдалагычтан баштап, температура жана кислота режимин орнотууга чейин өндүрүштүн технологиялык чынжырын кайра жасадык.

Жөнөкөй болот кислотасы тез дат басып кетчү, ошондуктан биз аны дат баспас болотко жана титан металлына алмаштырып көрдүк. Баарын учурунда оңдоп-түзөөгө, жабдууларды керектүү режимге кайра тууралоого туура келди», — деди Садык Алимов.

Ал жаш, күчтүү жана дилгир эле. Ал эми жумушу болсо чыгармачылыктын жана өзүн-өзү өнүктүрүүнүн чоң талаасы болчу. Анын ыкмасы жана ойлоп табуулары эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын чыгашасын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Бул жетишкендиктерин СССРдин атомдук энергетика министрлиги да байкаган. Ошондуктан Советтер союзунун бардык ушул сыяктуу ишканаларына Кыргызстан тоо-кен комбинатынын ийгиликтүү тажрыйбасын киргизүү чечими кабыл алынган.

Садык Алимов уран өндүрүү тармагын өнүктүрүүдөгү ийгиликтери үчүн ири акчалай жана «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак Белгиси» ордени жана башка сыйлыктары бар. Бирок анын ою боюнча эң чоң сыйлык социалисттик Венгрияга командировкасы болгон.

1950-жылдары советтик адамга чет өлкөгө баруу өтө сейрек болгон. СССРде он миңдеген өнөр-жай кызматкерлери болгон. Бирок Атомдук энергетика министрлиги кыргызстандык инженерди тандап алган.

«Мени Москвага чакырышты. Венгрияга командировкага баруума 1 ай даярдашты. Кашык, вилканы кантип кармоо керек, аялга, эркекке кантип кайрылуу керек жана башкаларды үйрөтүштү. Мындан сырткары, тышкы саясатты, алардын тилин үйрөндүм. Кыскасы, менден жакшы дипломат жасашты. Анткени мен мамлекеттик маанидеги миссияны аткарышым керек болчу.

“Сен эмнеге бара жатканыңды билесиңби?» деп министрликтин генералы мени жөнөтөр алдында бир нече жолу сурады. Мен «Тажрыйба алмашуу, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди сактоо жана башкалар» деп жооп бердим. Менин жоопторум анча жакшы болбой калганда, генерал «Сен советтик адамсың. Болгондо да Орто Азиядан келген. Европада окубай, аларды окута турган! Бул ата мекендик атомдук энергетиканын өнүгүшүндөгү тарыхый окуя жана бул окуя министрликтин маңдайына алтын тамгалар менен жазылышы керек!» деп айтты», — деди ал.

Венгрияда 2 жыл командировкада болгон. Садык Алимов венгр тилин 4 айда үйрөнүп, 98 жашка келсе дагы деле түшүнөт.

«Командировка Печа районунда уранды кайра иштетүүчү жаңы ишкана курулуп жаткан Уранварош кыштагында өттү. Бул жерде мен кеңешчи жана адис болчумун. Сапар кыйла жемиштүү болду жана мен көптөгөн сыйлыктар жана медалдар менен кайтып келдим», — деди Садык Алимов.

Садык Алимов 82 жашында пенсияга чыккан. Анын эмгек стажы 66 жыл. Ал «Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу», «КРнын персоналдык пенсионери», Кара-Балта тоо-кен комбинатынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу.

Ал 2021-жылы ооруга чалдыкканга чейин узак убакыт бою коомдук жумуштарда иштеген. COVID-19 пандемиясында ал коронавирус менен ооруп, оорукананын кызыл аймагына түшүп калган. Дарыгерлер туугандарына эң жаманына даярданууну кеңеш кылышкан. Ал жерде бир нече жума жатып, ал өзүн колуна алган. Анткени ал спортчу, темирдей катуу эрки бар күчтүу адам. Оорудан кутулуу мүмкүн болгону менен буттары баспай калган. Анткен менен анын энергиясы ашып-ташып турат. Даталарды, фамилияларды, маанилүү тарыхый окуяларды жакшы эстейт.

Жыйынтыгында турмуштук тажрыйбасы мол, өз ишинин профессионалы, жакшы үй-бүлө адамы катары кеңеш берүүнү сурандык.

«Эң негизгиси ата-энеңерди сыйлагыла. Алар ар бирибиз үчүн эң кымбат адамдар. Ошондой эле кыйынчылыктардан коркпогула. Кылып жаткан жумушуңарга олуттуу мамиле жасагыла. Бул жашоону сүйүп, чындап жашагыла. Адамдарды урматтап, эгер мүмкүн болсо бири-бириңерге жардам бергиле!», — деп насаат айтты Садык Алимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️