Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын 80 жаштагы тургуну Гүлнар Шакеева 9 баланы жарыкка алып келип, баатыр эне болгон. Учурда ал балдарынын сыйын көрүп, бактылуу карылыкты өткөрүп жатат.
Каарманыбыз 1946-жылы 1-апрелде Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Эмгекчил айылында туулган. Эрте турмушка чыгып, 40 адам менен бирге бир үйдө жашаган.
«Биз үй-бүлөдө 2 кыз, 2 эркек болчубуз. Мөлтүрөгөн жапжаш кезимде турмушка чыктым. Кайнагамдын балдары көп эле. Бир үйдө 40тай адам жашады. Ошонун баарына тамак жасап, түйшүк тартып, оокат кылдык. Кайненем баарынын баласын бага берчү. Жолдошум үйлөнгөн жылы окууга кетти. Мен болсо кайнагамдын балдарын бактым. 9 балалуу болдук. Орозакмат деген атабыз бар болчу. Ошол ата мага чоң жардам берди. “Шаймергендей жигитти таппайсың, колуңдан чыгарба, чыда балам, чыда” дечү. Кошуналар, абышка-кемпирдин баары мага жан тартып турчу. Жолдошум окуусун бүткөндө там салып баштадык. “2 “КамАЗ” топуракка там салып, кантип жашайт экен?” деп шылдыңдачу. Мен чыйрак экенмин. Сайма сайып, жип ийрип, кыш куюп, ушул тамды бүтүп алдык. Жолдошум Шаймерген Темуров агроном болуп көп жерде иштеди.
Илгери күйөөдөн чыгуу, каяша айтуу жок болчу. Тыпыйып гана оокат кылчубуз. Ал кезде электр жарыгы, газ деген жок болчу. Азыр Кудайга шүгүр баары бар, эмне кааласаң, тапсаң болот. Кудай барчылык жашоону берип жаткандан кийин бардык нерсени өз учурунда баалашыбыз керек», – деди ал.
Гүлнар Шакеева 5 кыз, 3 уулуна билим алууга шарт түзүп бергенин айтты.
«Улуу кызым Зинагүл Салык кызматында 30 жылдан бери иштейт. Кийинки кызым Айнагүл Бишкекте тигүүчү, үчүнчү кызым Айнура калкты тейлөө борборунда эмгектенет. Төртүнчу уулум Султанбек автобус айдайт, бешинчи уулум Алымбек жеке ишкер, алтынчы кызым Кайыркүл орус тилдүү мектепте 25 жыл мугалим болуп иштеди. 2022-жылы 26-июнда каза болду. Жетинчи уулум Алтынбек салыкта иштеп жүрчү. Азыр жеке ишкерлик менен алек. Сегизинчи кызым Элнура Чолпон-Атада дүкөндө иштейт. Тогузунчу кызым Москвада чоң дүкөн иштетет», – деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.