750гө жакын турак үйдү, 9 социалдык объектини суу каптады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Кара-Суу районундагы селден 742 турак үй жабыркады.

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациянын 15-июль саат 20:00гө карата берген маалыматы боюнча, селден 742 турак үй жабыркап, анын ичинен 423 үйдүн короосун, 319 үйдүн ичин сел каптаган. 294 үйдүн жер төлөсү жана ичи, 369 үйдүн короосу, жалпы 663 үй сел сууларынан тазаланды.

Камсыздандыруудан өткөрүлгөн 10 үй аныкталды.

Ошондой эле район аймагындагы 9 социалдык объекти селден жабыркады. Алар: 4 мектеп, 2 оорукана, 1 ФАП, 1 музей, 1 бала бакча.

Аталган социалдык объекттердин баары билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият кызматкерлери тарабынан сел сууларынан тазаланды. Кыргыз-Чек айылындагы Сыдык Алайчы атындагы мектептин жер төлөсүн селден тазалоо иштери уланууда.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле сел кесепетинен 31 автоунаа, 4 көпүрө, 9 электр мамычасы жана 16,75 га эгин аянты жабыркаган. 6500 абонент электр жарыгысыз калган.

РЭТ тарабынан 9 электр мамычасы орнотулуп, 6500 абонентке электр энергиясын берүү толук калыбына келтирилди.

14 мал-жандыкты сел агызып, анын ичинен 11 малдын өлүгү табылып, зыянсыздандырылып көмүлдү. Бир баш жандык тирүү калган. Калганын издеп-табуу иши 16-июлда уланат.

Сел кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин 235 кызматкери, 17 инженердик техникасы, жергиликтүү бийликтин 809 кызматкери, 27 инженердик техникасы тартылды.

Таза суу берүү үзгүлтүккө учураган Ачы, Торгой-Булак жана Достук айылдарына ӨКМ тарабынан таза суу жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️