7 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында селге агып кеткен 7 жаштагы кыздын жансыз денеси Өзбекстандагы сайдан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, изделип жаткан 2017-жылы туулган Н.С. аттуу кыздын сөөгү Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарынын Шахрихонсой сайынан табылган. Кыздын сөөгү «Достук» чек ара постунан кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Учурда ӨКМдин Ош шаары боюнча куткаруу кызматы тарабынан 2 аял киши жана 2 кичинекей кыз изделүүдө.

Катуу селден улам Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Пример HTML-страницы

Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван—Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен.

Озгур айылында селден жарандарды өткөрүү үчүн элди «КамАЗ» унаасына түшүрүп жатышып, унаа жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен аталган жаран жеринде каза болгон. 4 жаран дайынсыз жоголду. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, алар бир үй-бүлө — 1980-жылы туулган Д.Н. (аял киши), кыздары — 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М., 2018-жылы туулган С.

Жалпы 134 үйгө сел кирип, 17 үйдүн дубалы бузулду. Болжол менен 15 унаа селден жабыркады.

Каттуу келген селден улам Ош шаарынын аймагындагы бир катар коммуналдык тармактарда авариялык абалдар катталды.

Маалыматка караганда, көмөкчү чордондорду, мамычаларды жана таза суу насостук станциясынын түтүктөрүн сел алып кетти. Мындан сырткары борбордук базар да убактылуу жабылып, электр энергиясын берүү токтотулду.

Учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Акыркы сааттардагы маалыматка караганда, селдин кесепетинен Ош шаарында тез жардам кызматына жалпы 30 чакыруу болгон. Анын ичинен 17 жаранга жеринде жардам көрсөтүлдү, 9 жаран шаардык клиникага, 4 жаран облустук ооруканага жеткирилди.

Учурда 8 жаран шаардык клиникадан үйүнө чыгарылды (амбулаторияга), 1 жаран клиникада каралып жатат, абалы жакшы.

Облустук ооруканадан 3 адам үйгө чыгарылды, 1 тургун клиникада каралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️