7 балалуу болгондон кийин өз кыялын ишке ашырган Дилбара Тобушева

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кичи-Өрүктү айылынын 51 жаштагы тургуну Дилбара Тобушева бал челек кармоону чечти.

Ал аары дүйнөсүнө аралашууну жолдошу экөөнүн жаш кездеринен бери келе жаткан кыялы экенин айтып берди.

«Мен 1973-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылында жарык дүйнөгө келгем. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарындагы окуу жайлардын бирине окууга тапшырып, бухгалтерия жаатында билим алгам. Негизи кыялымда мугалим болгум келчү, тилекке каршы жогорку окуу жайга тапшырып, өтө алган жокмун. Ошентсе дагы бухгалтерлик кесибим менен турмуш жолуна аттанганга чейин Күрмөнтү совхозунда эсеп-кысапчы болдум. Андан кийин жолдошум экөөбүз табышып, баш кошуп, 25 жылдан бери түтүн булатып, Кичи-Өрүктү айылында жашап, 4 уул жана 3 кызды тарбиялап келе жатабыз», — деди ал.

Бал өндүрүүнү колго алган баатыр эне келечектеги максаттары менен бөлүштү.

«Быйыл социалдык келишим менен 100 миң сом акча алып, бал челек кармоону чечтик. Бул планыбызды ишке ашыруу үчүн февраль айында долбоор жазып киргизгенбиз. Планыбыз ийгиликтүү жүзөгө ашты. Алгач жолдошум бал челек кармоо боюнча атайын билим алып, 2022-жылы сертификат алган. Аарыларды кутучалары менен Ысык-Атадан июнь айында алып келдик. Жолдо келе жатканда думчугуп өлүп калбайбы деп ыңгайсыз болдум. Үйгө келип эле челекти ачканда башка үй, башка климат болуп, аарылар шок болду. Ызылдап сыртка чыгышты. Бирок 2-3 күндөн кийин көнүп кетишти.

Пример HTML-страницы

Келечекте аары чарбасын кеңейтип, киреше табалы деген максаттабыз. Мындан сырткары, үйүбүздүн бир бөлмөсүн жасалгалап, туристтерди кабыл алсакпы деген оюбуз бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️