Пример HTML-страницы

7 балалуу адамдын аялы менен болгон чатагынын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык соту аялына зомбулук кылган адамга карата 19-июнда өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Марсбек (аты өзгөртүлдү Ү.М.М.) Кыргыз Республикасынын жараны. Үй-бүлөлүү, 7 баласы бар. Убактылуу эч жерде иштебейт. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Марсбек 2024-жылдын 6-февралында саат 15:00 чамасында өзүнүн үйүндө аялы Созулканды (аты өзгөртүлдү С.А.) уруп, ден соолугуна зыян келтирип, зомбулук көрсөткөн.

Сотто Марсбек күнөөсүн мойнуна алды. 6-февраль күнү саат 15:00 чамасында аялы менен кызганычтын айынан уруша кетишкен. Бирок урган эмес. Ал аялынан кечирим сурады.

Сотто Созулкан да маалымат берди. Ал күнү күйөөсү «6 кыз төрөдүң. Мага бөлөк катын таап бер, өзүң кошо жумшайсың» деп уруш чыгарып, уруп-сабаганын айтты. Бирок бул окуядан кийин соттук-медициналык экспертизадан өткөн эмес. Күйөөсү аны колуна тийген нерсе менен уруп келерин билдирди.

Соттун өкүмү:

Ош шаардык соту иштин материалдарын карап чыгып, Марсбекти Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча күнөөлүү деп таап, 4 суткага камакка алды. Жазасын өтөө мөөнөтү 2024-жылдын 19-июнунан баштап эсептелинет.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE