66 жаштагы шектүүгө кандай жаза берилди? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районундагы айылдардын биринде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 16 жаштагы кызды зордуктоо беренеси боюнча Каракол шаардык соту өкүм чыгарды.

Анда Түп районунун 1958-жылы туулган тургуну А.Д. Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,2-пунктары менен күнөөлү деп табылып, 11 жылга эркининен ажыратылды. Айыпталуучуга бөгөт коюу чараса өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынганын облустук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Аталган факт боюнча 2022-жылдын 21-апрелинде кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучунун эжеси 1-топотогу майыптыгы бар (тубаса шал оорусу менен жабыркагын) 16 жаштагы бир тууган сиӊдиси 6 айлык кош бойлуу мезгилинде зордукталганы белгилүү болгон. Ал азыркы абалын билдирди.

Пример HTML-страницы

«Бул окуя болгондо сиӊдим 16 жашта болчу. Анын ичи чоӊоюп калганда кош бойлуу экенин билген элек. Мындан улам кан келип, операция жасалганда 24 жумалык ымыркай өлүк төрөлдү. Андан генетикалык эксертиза (ДНК) жүргүзүлүп анализ тастыкталды. Мындан сырткары, кыздын көрсөтмөсу менен сот өкүлү айыпталуучуну 11 жылга эркинен ажыратууга чечим чыгарды. Азыр сиӊдим 19 жашка толду, абалы мурдагыдан оор. Талмасы бат-баттан кармап күчөп, тамак да ичпей жатып калат», — дейт ал.

Ал эми күнөөлүү деп табылган А.Д.нын кызы соттун өкүмүнө нааразы экенин билдиришти.

«Биз соттун чечимин макул эмеспиз, анткени атамдын күнөөсү далилденген эмес. ДНК, экспертиза өткөн эмес. Анын баарын жактоочубуз мыйзам чегинде далилдеп, сотко берилген. Атам ак жеринен күнөөлүү болуп калды. Эгер чындап зордуктоого катышы бар болсо, бетин да карабайт болчумун. Ушул окуядан улам апам жарым жыл мурун ооруп, каза тапты. Мындан ары облустук сотко кайрылабыз», — дейт ал.

Райондогу дарыгерлердин билдирүүсүнө караганда, бул маалымат 2022-жылдын 28-мартында белгилүү болгон.

«Күрмөнтү айылында жашаган 17 жашар кыз шал оорусу менен ооруп, кийин талма оорусу да пайда болгон. Мындан улам тиешелүү дары-дармек ичип, такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу. 28-март күнү ал кызды апасы Ак-Булак ҮДТга алып келип, ичи ооруп жатканын айткан. Анан дароо эле кош бойлуу экени байкалып, каттоого алынган. Тиешелүү анализдер алынып, жашы 18ге толо электигине байланыштуу райондогу балдарды коргоо бөлүмүнө жана милиция кызматкерлерине билдирүү жасалган. Андан соң, Каракол шаарындагы төрөт үйүнө жиберилип, УЗИге тартылган. Анан Бишкек шаарынан дарыгер чакырылып, кош бойлуулукта ажыратуу болгону изилденип, кызга операция жасалды. Учурда бейтаптын абалы жакшы», — деп билдиришкен дарыгерлер.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Медина (өспүрүмдүн ысымы өзгөртүлдү) ден соолугуна байланыштуу мектепте окуган эмес. Аны менен коңшу жашаган, 1958-жылы туулган жаран жыныстык катнашта болгону айтылууда.

Бул факт милициянын каттоосуна алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Дарыгерлердин айтымында, өспүрүм кыз 5-апрелде ооруканага келип, 12-апрель күнү үйүнө чыгарылган. Андан соң Түп районунун социалдык бөлүмдүн кызматкерлери жана дарыгерлер кыздын абалынан кабар алууга Күрмөнтү айылына барышкан. Өспүрүмдүн жашаган турак жайы санитардык талапка жооп бербегендиктен жана ата-энесинин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна байланыштуу толук кандуу реабилитация кылуу чечими кабыл алынган.

«Өспүрүм кызга жасалган операция ийгиликтүү өтүп, үйүнө барганда өз алдынча тамак-аш жеп, өзүн жакшы сезген. Бирок кесареводогу жарааты толук кандуу айыга элек. Үйдөгү тазалык сакталбагандыктан улам райондук ооруканага жаткырып, реабилитация кылууга чечим кабыл алдык. Бүгүн, 15-апрелде кыз оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болот», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️