Пример HTML-страницы

62 жаштагы нарындык жөө күлүк — Т.Шааева бир күндө 20 чакырым чуркайт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын шаарынын 62 жаштагы тургуну Толгонай Шааева акыркы үч айда жеңил атлетика боюнча 3 алтындын ээси болду. Элеттик жөө күлүк менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыздын спортко болгон кызыгуусуна дене тарбия мугалими себеп болгон.

«Айылда төрөлүп, балалыгым жайлоодо өткөн. Дайыма кыймылда болдум. Мектептеги дене тарбия мугалими да менин спортко келишиме чоң таасир берди. Анткени агайдын баскан-турганы, сабак өткөнү мага жакчу. Кийинчерээк мектепти бүтөрдө дене тарбия институтуна тапшыр деген сунушту берген. Ошону менен дене тарбия институтунда билим алдым. Ак-Талаа районунда иштедим. 1991-жылдары болсо керек, кышкы оюндарга окуучуларымды алып барып, өзүм дагы катышып, биринчи орунга ээ болгонбуз. Сыйлыкка Ленинградка жолдомо алгам. Андан кийин Нарын шаарына келип, иштеп баштадым. Ошол учурда аялдардан жалгыз мен чуркоо боюнча алектендим. Мени көргөндөр: «Үйүңдө эле отурбайсыңбы. Жаныңды эмне кыйнайсың?» деп шылдың кылышчу. Эми мени шылдыңдагандар артыман ээрчип, «кантип туура чуркаса болот, ден соолукка жакшы пайдасын тийгизет турбайбы» деп кеңеш сурап башташты», — дейт Толгонай Шааева.

Жөө күлүк мелдештерге 2000-жылдан тартып катыша баштаган. 2013-жылдан тартып республика аймагындагы марафондорго катышып, биринчи орунду бербей келген.

«Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 400 чакырым аралыгын үч жолу басып өткөнбүз. Барган жерден алтын медаль менен кайтып келем. Кыргызстанда 60 жаш курактагылар арасында жалгыз жөө күлүк менмин деп айта алам. Учурда бир жумада 3 күн убактыма карап чуркап турам. Ал эми кышкысын күн жылыгандан кийин чуркайм. Бир күндө 20 чакырымды басып өтө алам. Алдыда жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу тилегим бар. Чуркоо менен сиз ден соолугуңузга кам көрө аласыз. Мындан сырткары тоолуу аймакта жашагандыктан, кан басым деген эмне экени билбейсиз деп айта алам», деп кошумчалады ал.

Толгонай Шааеванын эки уулу дагы спортко жакын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE