6 жыл Казакстанда иштегенден кийин жол тескөөчү болгон Абдували Аналиевге үй берилген. Ал 5 баланын атасы

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush43 жаштагы Абдували Аналиев Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө иштейт. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кызматы тууралуу айтып берди.

Каарманыбыз 2008-жылдан бери укук коргоо органдарында эмгектенет. Бул тармакта иштеп жүрүп кызматтык үй алууга да жетишкен.

«Өзүм Көк-Жаңгак шаарынан болом. 1999-жылы мектепти аяктап, аскердик кызматымды өтөп, 2002-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин автожол адистигин аяктагам. Ошол жылдары элдин баары чет өлкөгө миграцияга агылган кез эле. Мен да Казакстанда иш издеп кетип, 6 жыл иштеп жүрдүм. 2008-жылы өлкөгө келип, адистигим боюнча иштейин деп, Ош шаарында билимимди тереңдетип, окуп келдим. ИИМдин кайгуул кызматына жумушка орношуп, эмгек жолумду баштадым. 2013-жылга чейин бул жаатта иштеп, андан соң патрулдук милицияга которулуп, 2018-жылга чейин иштедим.

Жаңы жумушка кирген учурда үй-бүлөм бар, балалуу болуп калганбыз. Бирок ал учурда айлык акыбыз төмөн болчу. Азыр эстесем, ошондо 2800 сом гана айлык алчу экенмин. Каражатты бөлүштүрүп, үйдүн ижара акысын берип, артканына азык-түлүк алып, үй-бүлөмдү каржылап турдум. Кийинчерээк маяна көтөрүлүп, бизге да бир кыйла шарттар түзүлүп калды. Ошол учурда үй-бүлөмдү Көк-Жаңгакка атамдын үйүнө көчүрүп, өзүм да дээрлик 40 чакырым жол жүрүп иштей турган болдум. Ошентип 5 жыл айылдан каттап иштедим. 2018-жылы 5 балам бар экенин, үй-жайым жок экенин билген жетекчилик министрикке сунуштап, 2 бөлмөлүү кызматтык үй берген. Азыр да ошол үйдө жашап келем. Кудайга шүгүр, көргөн кыйынчылыгым, мээнетимдин акыбети кайтып, үй-бүлөмдү багып келе жатам», — дейт ал.

Каарманыбыз акыркы 5 жылдай убакытта ЖКККБнын Жалал-Абад шаардык бөлүмчөсүндө иштеп жүрүп, бир катар кылмыштардын бетин ачканын эскерди.

Пример HTML-страницы

«Биздин жумуш коомдук коопсуздукту, аны менен катар жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөндүктөн абдан кызыктуу. Көп убактыбыз көчөдө өтөт десем болот. Жалал-Абад шаарынын аймагында жол кырсыктары бактыга жараша аз болот, болсо да материалдык чыгымдар гана болот. Айрым учурларда авто уурулуктар катталат. Мындан бир нече жыл мурда бизге чалуу түшүп калды. Анда түндө бир мекеменин кароолчусу унаасын жол жээгине токтотуп, жумушуна кирип кетсе, түнкүсүн анын унаасын уурдап кетишиптир. Чалуу түшөр замат ошол жерге барып, аймакка кароо жүргүздүм. Андан соң унаа токтоп турган жерден издерди карап, шектүүнү издеп жөнөдүм. Окуя болгон жерден бир нече чакырым алыс аралыкта орто жаштагы эркек киши унааны жол жээгине коюп, ичине кароо жүргүзүп жаткан экен. Ошол замат аны колго түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп бергенбиз.

Дагы бир окуя эсиме келди. Быйыл май айында кечки саат 17:00-18:00 чамасында бизге калаанын СМУ кичи районундагы унаа жуучу жайлардын биринен чалуу түштү. Барсак, 35-40 жаштардагы аял киши саат 12:00 чамасында «КИА» үлгүсүндөнү унаасын жуудурганы таштап, өзү зарыл жумушу менен кеткенин, кайтып келсе, унаасын кызматкер уурдап качканын айтты. Биз унаа жуучу жайдын администраторунан кызматкер тууралуу маалымат алып, жетекчиден уруксат сурап, атайын унаа менен шаарды айланып чыктык. Аэропорттун жогору жагындагы көчө менен барсам «КИА» унаасынын айдоочусу биздин унааны көрүп, заматта артка бурулуп, жашынууга аракет кылды. Артынан барып токтотсом, дал ошол бала экен. Көрсө 15 жаштагы окуучу бала унааны жууп, андан соң айдап, Октябрь айылына барып, андан кийин Благовещенко айылына барып, достору менен ойноп жүрүп кайтыптыр. Аны да ошол жерден тергөөчүлөргө өткөрүп бердик. Кийин билсем, аял милициядан арызын алып, иш кыскартылыптыр. Бирок бала каттоого алынып, көзөмөлдө жүрөт. Анын ата-энеси баланы жакын туугандарына таштап, миграцияга кеткен экен. Өзүмдүн да ошол бала теңдүү балам бар үчүн бул окуяны жүрөгүмө жакын алдым» ,- дейт каарманыбыз.

Абдували Аналиев 5 баланын атасы, анын бир жээн небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️