Пример HTML-страницы

53 жаштагы Жапаркүл Асанбекованын студенттик жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Теплоключенка айылынын 53 жаштагы тургуну Жапаркүл Асанбекова Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллежде 2-курста окуп жатат. Билим алуу эч качан кеч эмес экенин айткан айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Жапаркүл Асанбекова фармацевт адистиги боюнча билим алууда.

«1970-жылы Үч-Кайнар айылында төрөлгөм. Мектепти аяктаган соң мугалим болом деп окууга тапшырдым. Ал жакка өтпөй калып, кондитер адистиги боюнча билим алдым. Турмуш шартка байланыштуу облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө чарба кызматкери (сестра хозяйка) болуп иштеп калдым. Союз тараган учурда базарга соода калып кетүүгө туура келди», — дейт ал.

Жапаркул айым медицина тармагына кызыгуусу балдары аркылуу болгондугун айтат.

«Эки балам бар. Кызым невролог дарыгер. Балам массаж жасайт. Алардын жумушу мен үчүн кызыктуу болгондуктан, кызымдан «мен да окусам болобу?» деп сурап калдым. Ал боло турганын айтты. Ишене албай жүрүп, 3-тур менен кабыл алынып, 2004-жылкы балдар менен тайпалаш болдум. Тайпада 24 студент, эң улуусу мен. Анан 1980-жылдан кийин төрөлгөн үй-бүлөлүү кыз-келиндер окуйт. Алды беш балалуу энелер да бар. Мен айтат элем, билим алуу эч качан кеч эмес», — деди ал.

Каарманыбыз студенттик жашоосундагы кызыктар тууралуу айтып берди.

«Окууга тапшырганда аябай толкундандым. Теңтуштарым «студент» деп күлүп жүрүштү. Мен окуудагы кызыктуу учурлар жөнүндө айтып берсем, «биз балдар деп окубай калдык. Эми небере багып жатабыз» деп калышты. «Эч качан кеч эмес, окуйи десеңер эле окуйсуңар» деп айтам. деп. Биринчи курста жазганды унутуп, лекция жазганда жетишпей жаттым. Кызым айтканындай телефондун диктофонун иштетип алып отуруп, анан жазып жетишип жаттым. Оокат, жумуш деп жүрүп унутуп калат экенсиң чынында. Бир ай үйдөн окуп, жазып, жаттап жатып жетиштим. Биринчи курста эң алдынкы студент болуп бүттүм. Бул жылы эки сабактан жакшы баа албай калдым. Калганы беш. Кызыл диплом менен аяктоо тилегим бар. Өндүрүштүк практикага облустук оорукананын дарыканасына чыктым. Бул жылы жеке менчик дарыканаларга бардым. Кызыктуу өттү. Окууга болгон кызыгуум артып, кошумча китептерди да окуп жатам. Кызым адистигиме байланыштуу китептерди белек кылган. Ошолордон окуп жатам. Ар бир дары чөптөн жасалат. Чөптөрдүн дарылык касиети тууралуу китептерди окуудамын», — дейт ал.

Жапаркүл айым өзүнүн жаштыгын жана учурдагы жаштардын айырмачылыгын айтып өттү.

«Биздин учурда Ч.Айтматовдун китеби чыкты десе сурап алып окуп, китеп көп окучу элек. Азыр жаштар интернет менен окушат. Негизи китеп окуган эсте жакшы калат деп ойлойм. Бирок мен да сабактарга интернеттен маалымат издеп, даярданып жатам. Ошол эле учурда улуу болгонум менен мен да катардагы студентмин. Мугалимдердин көпчүлүгү менден жаш. Тайпалаштар, мугалимдер алдында уят болбоюн деп окуп, даярданып келем. Сабактан сырткары учурда бал муздак жеп, сабак жөнүндө сүйлөшүп, кадимки тайпалаштардай элебиз. Азыркы жаштар зиректиги менен да айырмаланат. Алдыга умтулууларын баалайм. Менин неберемде да ушундай мүнөздөр бар. Ал 8 жашта. Мен сабактан кийин небереме барып, сабагынан алып, ийримдерге алып барам. Учурда кыргыз класска которулуп, кыргызча үйрөнүп жаткан учуру. Анын сабагына көңүл буруп, арта калбашы үчүн жардам берип жатам. Жаштардын келечеги кең болуп, өз кесибинин мыктысы болушун эне катары тилейм», — дейт ал.

Жапаркүл Асанбекова бош учурунда гүлдүн түрүн өстүрүп, сокмо согуудан эргүү алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE