Пример HTML-страницы

5 гектар жер бөлүнүп, 40 боз үй тигилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районундагы ат оюндары уланып жатат. Спорттук иш-чара 9-май — Улуу Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгына карата уюштурулган.

Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакировдун айтымында, ат оюндары 9-майга чейин уланат.

«Иш-чараны Жеңиш күнүнө карата Маданият, маалымат, спорт министрлиги жана Көк бөрү федерациясы биргеликте уюштурду. Ага республика аймагындагы 31 команда катышууда. 9-май күнү финал болуп, жеңүүчү аныкталат. Мындан сырткары улуттук оюндар ойнолуп, тамак-аштын түрлөрү бышырылып, 40 боз үй курулду», — дейт Кутпидин Шакиров

Ат оюндарын өткөрүү үчүн райондон 5 гектар жер бөлүнгөн. Аким бул жер эми ат майданы болуп оңдолорун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE