5 баланын атасы Максат Шүкүралиевдин өлүмү боюнча жаңы жагдайларды айтып беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда 33 жаштагы Максат Шүкүралиевди жол тандабас коюп кетип каза болду. Маркумдун жакындары бүгүн, 25-июлда АКИpress-Жалал-Абаддагы көчмө маалымат жыйында окуя тууралуу айтып беришти.

Алардын айтымында, кырсыкка кабылган жол тандабасты айдап бара жаткан 17 жаштагы жигит камакка алынган эмес. Жол-транспорт кырсыгы 2024-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 32-чакырымында, тактап айтканда Сузактын Комсомол айылында катталган. Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын 33 жаштагы тургуну Максат Шүкүралиев жолдон өтүп бара жатканда «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, ал ошол жерде жан берген.

29 жаштагы Зарина Аширалиева жолдошу Максат Шүкүралиев менен бирге жашап жатканына 11 жыл болгонун айтат. Окуя болгон күнү ал жайлоодо балдары менен калып, кырсыкты кийин уккан.

«Жолдошум менен менен баш кошконубузга 11 жыл болду, балдарыбыздын улуусу 11 жашта, кичүүсү 1,5 жаш. Быйыл жазда өзүбүздүн малдарыбызга элдин коюн кошуп алып, жайлоого кеткенбиз. Каргаша болгон 21-июль күнү мал келди, балдарды мага таштап, өзү айылга орулган чөптү таңгактатып, үйгө ташуу үчүн келген. Эртең менен үйдөн чыгып бара жатып, «кечкисин келем» деди эле, бирок кайтып келген жок. Кийин гана мага кабар берип, айылдагы үйгө алып кетишти. Жолдошумду жоктоп, чиедей 5 бала менен артынан сыздап калдым. Балдар күндө атасын сурап жатат, эмне дейм? Өлкөдө акыйкаттык жок экен, балдарымдын атасын сүзүп өлтүргөн баланы да камабай үйүнө чыгарып салыптыр, акыйкаттык издейм», — дейт Аширалиева.

Маркум үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү, уулдардын улуусу болчу. Ал окуя болгон күнү талаадагы чөбүн жүктөп үйүнө келе жаткан. Жолдун арткы бетинде турган тракторчу менен сүйлөшүүгө өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен.

Пример HTML-страницы

Окуя тууралуу анын атасы Сейдали Манжиев буларга токтолду.

«Уулум менен акыркы жолу саат 17:46да сүйлөшкөм. Эмне болгонун сурасам, «чөптү пресстеттим, 76дай чыкты, азыр жүктөп баратам» деген. Кечки салкында үйдүн көлөкөсүндө отурсам иним чуркап келип, Максатты унаа коюп кеткенин айтты. Ошол жерден эле нес болуп, унааны жүргүзүп, Октябрь аймактык бейтапканасына бардым. Уулум оор абалда болсо керек деп эле ыйлап жандандыруу бөлүмүнө барсам, ал жердеги дарыгерлер тез жардам бөлүмүнө баруу керектигин айтышты. Мен уулума ошол жерден медициналык жардам берилип жатыптыр деген ойдо барсам, Максатым канга боёлуп жатыптыр. Карды жарылып, ичегилери чыгып калган экен. Көрүп эле жүрөгүм оозума тыгылып, өзүмдү жоготуп, «Максат тур балам, эмне болду сага?!» деп өкүрүп, баламды кучактадым. Аңгыча «ким сүздү, эмне болду» десем, кичинекей бала туруптур. Уулумду жоготконума ичим ачышып, аны таш менен урайын десем, таш таппай, кичирээк таш алып, балага шилтейин дегенче кулагым дыңылдап, өзүмдү жогото түштүм. Көрсө, ошол 17 жаштагы баланын апасы «уулумду таш менен уруп өлтүрөсүң» деп менин кулагымдын түбүнө чапкан экен. Ошол жерде жерге отура калып, жер чапчып өкүрүп калдым. Окуя болгон жер калктуу конуш, ошондой жерде каттуу ылдамдыкта келип, уулумду ит сүзгөндөй сүзүп өлтүрдү. Анын 5 баласынын күнү кандай болот билбейм», — дейт Манжиев.

«Лексус» унаасы сүзгөндө Максат Шүкүралиев 20 метрдей жерге ыргып барып, трактордун алдына кирип кеткенин окуянын күбөсү, маркумдун досу Абдулла Кубанычбек уулу билдирди.

«Ошол күнү мен Максат менен бирге жүрүп, талаадагы чөптү жыйнап алып чыкканбыз. Биз Жалгыз-Жаңгак айылына келгенде жолдун арткы бетинде трактор чөп жыйнагычы менен токтоп турган экен. Максат унааны токтотуп, ошол трактор менен сүйлөшүп алайын деп, жолдон өтүп жаткан. Аңгыча эле каттуу ылдамдыкта келген «Лексус 470» унаасы аны коюп кетти. Максат 20 метрдей жерге ыргып барып, жол четинде токтоп турган трактордун алдына кирип кетти. Унаа 100-200 метрдей аралыкка барып, жол четине токтоп, ошондо да унаадан түшпөй турушту. Бир заматта эл үйүлүп калды, мен балдарды чакырдым. Унаада 3 бала, 2 кыз бар экен. Айдоочу ичип алганын өзү да мойнуна алып, анын спирт ичимдигин ичкени наркология бөлүмүнөн расмий такталды. Окуя болгон жерден унаага Максатты алып, ооруканага жөнөдүк. Бирок биз алып барганда ал эчак эле каза болуп калган экен», — деди ал.

Маркумдун бир тууган иниси Муратбек Шүкүралиев кылмышка шектүү 17 жаштагы баланы камактан бошоткон соттун чечимине нааразы пикирин билдирди. Ал мыйзам чегинде чара колдонуу зарыл экенин, эгер баланын жашы жете элек болсо, ага унаа берген ата-энеси кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин белгиледи.

Бул окуя боюнча экинчи тарап комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Асел Ниязова тастыктаган маалыматка караганда, бул окуя боюнча материалдар шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоо үчүн Сузак райондук сотуна жөнөтүлдү.

«2024-жылдын 21-июль күнү саат 18:00 чамасында Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 32-чакырымында Жалал-Абад шаарынын 2007-жылы туулган Э.Д. аттуу тургуну апасы А.Д.га таандык болгон «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан Сузак районунун 1991-жылы туулган тургуну М.Ш. аттуу жаранды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу М.Ш. алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул маалымат Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 2024-жылдын 22-июль күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 2007-жылы туулган Э.Д. кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө учурунда айдоочуга карата экспертиза дайындалганда ал спирт ичимдигин ичип алганы аныкталган. Ал эми 2024-жылдын 23-июль күнү шектүүнүн баш коргоо чарасын тандап алуу иретинде топтолгон материалдар Сузак райондук сотуна жиберилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️