Пример HTML-страницы

5 балалуу Курманжан Абдибаетова бизнесин өнүктүрүү үчүн жөлөк пулдан баш тартты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын 32 жаштагы тургуну Курманжан Абдибаетова бөдөнө багууну өздөштүрдү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Курманжан Абдибаетованын айтымында, бул канаттуунун жумурткасы кан басымга даба болоорун угуп, ишти баштаган.

«Жолдошум менен бирге 5 баланы тарбиялап келе жатам. Өзүмдүн жогорку билимим деле жок, жолдошумдун тапканын тиричиликке жумшап келебиз. Кайын энемдин кан басымы бат-баттан көтөрүлүп тургандыктан, ага дарыгер бөдөнөнүн жумурткасын көп жеп турууну сунуштаган. Мындан улам жолдошум менен биригип, инкубатор аппаратын сатып алдык. Алгач 50 даана жөжөнү чоңойтук. Негизи бул канаттууну шарты бар жерде багып, жемин жакшы карасаң бат жетилип, бат тукумга кирет экен. Ошентип жүрүп күнүнө 40 жумурткадан алып жүрдүк. Өзүбүз жеп, калганын кошуналарга, тааныш-билиштерге 5 сомдон сатып, үй-бүлөлүк бюджетке киреше түшө баштады. Кийинчерээк кыш келип, бөдөнөдөн жумуртка албай калып, айрымдарын сатып жиберип, 20 гана канаттуу калган», — дейт ал.

Каарманыбыз мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сом жардам алып, анын көмөгү менен бөдөнө багууга шарт түзүп жатканын айтты.

«Жашы жете элек 5 баламдын ар бирине 1400 сомдон жалпы 6000 сом жөлөк пул алып келгем. Бул каражат айына бир жолу бир кап ун, 5 литр май, картошка, пияздан ашчу эмес. Үй-бүлөбүз менен кеңешип, балдардын жөлөк пулун токтотуп, социалдык келишимге жазылып, 100 миң сом кайтарымсыз каражат алдык. Бул каражатка 500 бөдөнө батчу сарай куруп, ичин жылуулап, канаттууларга бардык шарт түздүк. Ушул тапта жумуртка берген 20 бөдөнө, 40тан ашык жөжө бар. Үйдө бала-чакадан ашкан жумуртканы Кербендеги ашканаларга, дүкөндөргө сатып, кээ бирин кайра жөжө чыгаруу үчүн сактап жатам. Быйылкы жылы бөдөнөнүн санын 500гө жеткирем деген план бар. Буюрса жылуу, бардык шарты бар сарай куруп алдык. Канаттуулар жыл бою жумуртка берет деген ишеничтемин», — деди ал.

Фермер айым бөдөнөнү багуу оңой эмес экенин, бул канаттуулар таза келип, жылуулукту жакшы көрөрүн айтат.

«Бөдөнө багууда сапаттуу жем биринчи орунда турат. Себеби жем калориясыз болсо, анда жумуртка берүү азаят. Бул канаттуулар абдан назик келишет экен, капаста турган бөдөнөнүн бирөө ооруса, калгандары да бат ооруп калышат. Багылган жер дайыма бирдей температурада туруусу абзел. Мисалы, азыр жаңы курган сарайга желим эшик-терезелерди орнотуп, аба тазаланчу желдетүү системасын жана жылуу пол менен камсыздадык. Бул да таасирин тийгизет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE