49 жаштагы Таалайбек Кадатаев дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

TurmushДайынсыз жоголгон Таалайбек Кадатаев изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын милициясына Ысык-Көл районунун Жаркынбай айылында жашаган 1975-жылы туулган Кадатаев Таалайбек Мукамбетовичти издөө өтүнүчү менен туугандары кайрылган. Т.Кадатаев 2024-жылдын август айынын башында Бишкек шаарына иштегени кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 6-август күнү телефон аркылуу байланышып, Суусамыр өрөөнүндө (Жайыл районунун Сулуу-Төр жайлоосу) чабан болуп иштеп жатканын айткан.

Бул факт Бишкек ШИИБге катталып, аймактык караштуулугу боюнча Жайыл РИИБге өткөрүлүп берилген.

Белгилери: бою 167 см, салмагы 70 кг. Бир колунун төрт манжасында «1977» жазуусу бар.

Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук кийим жана баш кийим (кепка).

Пример HTML-страницы

Дайынсыз жоголгон жаран тууралуу маалыматы барлар 0312 221558, 03133 35184, 0701 203102 (нөөмөт бөлүмү) телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️