47 жылдан бери килемдерди токуп келе жаткан Гүлмира Турдубаеванын эмгектери чет өлкөлөргө чейин сатылат

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Мурас айылынын 61 жаштагы тургуну Гүлмира Турдубаева 47 жылдан бери килемдерди токуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү 5-классында апасынан үйрөнгөн. Кошуна кыз-келиндер менен даярдап, айына 2-3 жасашат. Ар дайым буйрутманын негизинде ар кандай көлөмдө токушат. Анын колунан чыккан килемдер чет өлкөлөргө чейин сатылып, келген туристтерди да кызыктырып келет.

«Азыр айылда 4 аял биргеликте буйрутма алып токуйбуз. Килемдин 3 түрүн — түктүү килем, арави килем, помбаркыт килем даярдайбыз. Керектүү жүндү базардан сатып алып, түр кылып ийрип, жип кылабыз. Эриш-аркактарын базардан сатып алабыз.

Арави килемин токуу үчүн 1 айдан ашык убакыт кетет. Ага 50 кг жүн керектелет. Жипти ийрип алган соң, түксүз ою-чийүүлөр түшүрүлүп токулат. Араби килемдин өзгөчөлүгү ушул түксүздүгүндө болот. Мунун баасы 25 миң сомдон жогорулап кетет.

Ал эми түктүү жүл килемди даярдоого көп түр керектелет жана да көп мээнетти талап кылат. Узуну 4 метр, туурасы 2,7 метр болгон жүл килемди токуу үчүн 2 ай убакыт керектелет. Ага 25 кг жүн керек болот. Четиндеги эриш жиптер пахтадан жасалат. Буга кайчы, бычак, токмок колдонобуз. Ар бир байлагандан кийин, токмоктолуп согулат. Бир карыш жылгандан кийин тараштап, тегиздеп чыгабыз. Бул килемдер 38-40 миң сомго чейин бааланат.

Пример HTML-страницы

Азыр боекко салынбай, накта ак же кара малдын жүнүнөн алынып токулган килемге буйрутма көп. Андан унаалардын отургучтарына жасатышат. Боз үйлөргө, кыздардын себине жана да чет жактан келген туристтер кызыгып алышат.

Бизде ар ай сайын атайын көргөзмө уюштурулуп турат. Ага туристтер да келип катышып калышат. Экологиялык таза продукция дешип, кызыгып алышат. Буйрутма дээрлик өлкө аймагынан түшөт. Бул боёлбогон килемдер 50-55 миң сомдон сатылат. Баалар көлөмүнө жараша өзгөрөт», — деди ал.

Гүлмира Турдубаева 2уул, 2 кыз 15 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️