44 жаштагы аял жана анын 3 кызы изделип жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында сел агызып кеткен 4 жаран изделип жатат. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Өзгөчө кырдалдаар министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, алар бир үй-бүлө — 1980-жылы туулган Д.Н. (аял киши), кыздары — 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М., 2018-жылы туулган С.

Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван—Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен.

Озгур айылында селден жарандарды өткөрүү үчүн элди «КамАЗ» унаасына түшүрүп жатышып, унаа жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен аталган жаран жеринде каза болгон.

Жалпы 134 үйгө сел кирип, 17 үйдүн дубалы бузулду. Болжол менен 15 унаа селден жабыркады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️