40 жылдан ашуун өмүрүн кыргыз-өзбек адабиятын которууга арнаган Курбан Саттаров

Акыркы жанылыктар

Turmush74 жаштагы Курбан Саттаров Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын өзбек тилине которуп, мектеп программасына киргизди. Ал ошондой эле бир катар өзбек жана кыргыз акындарынын чыгармаларын эки тилге которуп, маданият ортосунда данакер болуп жүрөт. Turmush басылмасынын кабарчысы акын менен маектешти.

Акын жана котормочу ушул тапта Жалал-Абад Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылында жашайт. Ал өзүнүн китепке болгон сүйүүсүн эч кимге алмашпарын айтат.

«Мен бала кезден эле китеп окууга кызыкчумун. Үйдө апам, чоң энемдин колунда өскөндүктөн бош убактым болсо эле иш кылуунун ордуна китепке термелип калчу адатым бар эле. Кээде түнү менен китеп окуп, кээде чыракты жагып алып, төшөккө чүмкөнүп жатып, бир китепти окуп бүтүрүп койчумун. Кээде апам урушат деп жуурканды сыртка алып чыгып, айдын жарыгында китеп окуп, ооруп калган күндөр да болду. Кийинчерээк, мектеп курагымда ыр жазууга болгон шыгым ойгонду. Айылда көпчүлүк өзбек тилдүү болгондуктан эки тилде бирдей сүйлөп, ырларымды да эки тилде жаза берем. Бирок ырларымдын басымдуусу кыргыз тилинде. Акыркы жылдары ырларымды китеп кылып чыгара да албай калганымдан кыргызча ыр жазуумду токтотуп, өзбекче ырларымды көп жазып жаттым. Деген менен жакында унверситетте иштеген агай илимий ишин өзбекче которуп берүүмду суранды. Ошол кишиге менин «ырларымды эки тилде бир китеп кылып чыгарып берсең, мен сенин котормоңду колго алам» деп келишип алдым. Буюрса ырларымдын дагы бир жыйнагы чыгып калат», — деди ал.

Курбан Саттаров эки элдин чыгармаларын бири-биринике которуу кыялы эчак жаралганын, бирок ага жетүү оңойго турбаганын белгиледи.

«Менимче дүйнөдө эки оор иш болсо, анын бири котормочулук. Анын жоопкерчилиги да өтө жогору. Мен 1978-жылы котормочулукту баштагам. Ошол кезде Ташкентте Саданов деген окумуштуу өткөн, анын котормосун далай жолу окуп көрдүм. Ошол котормо мага каттуу таасир эттиби, айтор, ошондон кийин которууга астейдил кириштим. Эки тилдеги чыгармаларды бири-бирине оодаруу менен бир катар ийгиликтерге жетиштим. Алсак, «Алыкулду окуйбуз» деген сынакта котормом менен баш байгеге ээ болдум. Ал эми Өзбекстан уюштурган «Дүйнөлүк адабияттар» сериясында кыргыз акындарынын чыгармаларын которуп катышкан үчүн эң алдынкы котормочулардын катарына кирип, 1650 доллар утуп алдым. Ошол каражат өмүрүмдөгү эң көп алган калем акым болду.

Пример HTML-страницы

2016-жылы кыргыздын классик акыны А.Осмоновдун чыгармаларан өзбек тилине которуп, аны китеп кылып жарыялагам. Өзбек акындары да Алыкулдун чыгармаларын которууну 1950-жылдары эле баштаган. Бирок ошончо жыл аракет кылышканы менен Алыкулдун биринчи котормо китеби мага буйруган экен. Ойлоп көрсөм, 40 жылдан ашуун өмүрүмдү кыргыз-өзбек адабиятын которууга арнаптырмын. Бирок каражаттан каржалып, эмгегимди элге жайылтууга мүмкүн болбой жатат», — дейт Курбан Саттаров.

Каарманыбыз 2019-жылы 30дай кыргыз акындарынын ырларын которуп, «Ала-Тоо булбулдары» деген аталыштагы үч томдук антология түзсөк деп, жыйнактын биринчисинин электрондук версиясын маркум жазуучу, котормочу Мирзохалим Каримовго жөнөткөн. Бирок азыр ал котормолордун тагдыры белгисиз экенин айтат.

Ушул тапта ал Каба айылындагы 700дөн ашуун окуучусу бар өзбек тилдүү мектепке Алыкулдун «Жеңишбек» поэмасы менен бир нече ырын өзбек тилине которуп, 8-9-класстарынын окуу программаларына киргизип берген. Алдыда «Курманбек» жана «Кожожаш» эпосторун өзбек тилине которуп, китеп кылып чыгаруу ниети бар экенин айтты.

Курбан Саттаров 2 уул жана 3 кызды эрезеге жеткирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️