Пример HTML-страницы

40 райондо бийлик жүргүзүп, президентке гана баш ийген 40 адам. Алар кимдер?

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстанда жалпы 40 район бар. Turmush басылмасы учурда бул райондорду жетектеген акимдердин жашы канчада экенин тактады. Өлкөдөгү эң жаш аким 35 жашта болсо, эң улуусу 63 жашта. Акимдердин арасында бир да айым жок.

  1. Акимдер президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча, министрлер кабинетинин төрагасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоону күчөтүү максатында акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилген.

  2. Мындан тышкары, аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.

Turmush басылмасы район акимдери боюнча маалыматтын жаңы нускасын сунуштайт. 2023-жылдын 18-сентябрына карата акимдердин орточо жашы — 45-46.

– – – – – – – – – – – – – – – – – – – – – – – – – – – –

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Астанакулов Байышбек Кахроманович 1988-жылы 13-мартта туулган (35 жашта).

Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими Абыкеев Темирболот Асаналиевич 1984-жылы 25-декабрда туулган (38 жашта).

Чүй облусунун Чүй районунун акими Аттокуров Алмаз Анарбекович 1985-жылы 26-апрелде туулган (38 жашта).

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Чаргынбаев Кайырбек Кабылбекович 1983-жылы 16-декабрда туулган (39 жашта).

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Мураталиев Манас Манапбекович 1983-жылы 25-январда туулган (40 жашта).

Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Мурзахмедов Шергазы Мураталиевич 1981-жылы 20-февралда туулган (42 жашта).

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич 1980-жылы 20-мартта туулган (43 жашта).

Ош облусунун Алай районунун акими Кожомамбетов Азамат Асанбекович 1980-жылы 24-августта туулган (43 жашта).

Ош облусунун Өзгөн районунун акими Апбасов Каныбек Сагынбекович 1980-жылы туулган (44 жашта).

Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович 1979-жылы 9-январда туулган (44 жашта).

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович 1978-жылы 18-августта туулган (45 жашта).

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Сыдыков Замирбек Бейшенович 1979-жылы туулган (44 жашта).

Чүй облусунун Сокулук районунун акими Ташкулов Илияз Акжигитович 1979-жылы 27-майда туулган (44 жашта).

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалай Ишенбекович 1978-жылы 19-январда туулган (45 жашта).

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Кулубаев Дамир Садырбекович 1978-жылы 5-мартта туулган (45 жашта).

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Бахавадинов Эрмек Ибрагимович 1978-жылы 6-январда туулган (45 жашта).

Ош облусунун Ноокат районунун акими Иманалиев Данир Белекович 1977-жылы 25-апрелде туулган (46 жашта).

Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Шакиров Кутпидин Абдырахманович 1977-жылы 6-июнда туулган (46 жашта).

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович 1977-жылы 29-сентярбда туулган (46 жашта).

Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич 1976-жылы 29-сентябрда туулган (47 жашта).

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевич 1975-жылы 5-майда туулган (48 жашта).

Талас облусунун Кара-Буура районунун акими Сагымбаев Бектур Абдыразакович 1974-жылы 24-январда туулган (49 жашта).

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Ормонов Жапарбек Туратович 1973-жылы 23-апрелде туулган (50 жашта).

Чүй облусунун Панфилов районунун акими Масаидов Бекмаат Юлдашович 1972-жылы 5-декабрда туулган (51 жашта).

Нарын облусунун Кочкор районунун акими Омошев Эрмекбай Алянович 1973-жылы 17-мартта туулган (50 жашта).

Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Тешебаев Мурадин Жолдошович 1973-жылы 10-июлда (50 жашта).

Баткен облусунун Лейлек районунун акими Осмонбеков Канымет Бийзакович 1971-жылы 13-апрелде туулган (52 жашта).

Ош облусунун Араван районунун акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович 1971-жылы 19-мартта туулган (52 жашта).

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич 1971-жылы 17-июнда туулган (52 жашта).

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович 1966-жылы 27-мартта туулган (57 жашта).

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими Осмонов Алмазбек Абдилакович 1969-жылы 25-октябрда туулган (53 жашта).

Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович 1968-жылы 26-январда туулган (55 жашта).

Чүй облусунун Кемин районунун акими Жумаев Алайбек Мусаевич 1968-жылы 12-февралда туулган (55 жашта).

Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими Имаров Алгынбай Төралиевич 1967-жылы 6-апрелде туулган (56 жашта).

Чүй облусунун Москва районунун акими Козуев Ниязбек Эгемкулович 1967-жылы туулган (56 жашта).

Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Абдыкадыров Эмилбек Ысыкулович 1964-жылы 1-сентябрда туулган (59 жашта).

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Түкебаев Акылбек Алиякунович 1964-жылы 20-октябрда туулган (59 жашта).

Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович 1964-жылы 21-апрелде туулган (59 жашта).

Чүй облусунун Жайыл районунун акими Түркбаев Төрөгелди Калыбекович 1960-жылы 31-мартта туулган (63 жашта).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы