Пример HTML-страницы

40 мүнөттөй «Манас» эпосунан англисче үзүндү айткан Ф.Кенжаева «Жыл мугалими-2024» сынагынын республикалык туруна даярданып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Москва районунан «Жыл мугалими-2024» сынагынын республикалык туруна жолдомо алган И.Д.Черняховский атындагы орто мектебинин мугалими Фатима Кенжаева балдарга англис тилинде «Манас» эпосунан үзүндү айтууну үйрөтүп жатат. Анын педагогикалык ишмердүүлүгү жана жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Биз 9 бир тууганбыз. Алардан сегизибиз мугалим, бирөө дарыгерлик кесипке ээ болгон. Негедир, ата-энебиз көпчүлүгүбүздү мугалимдик кесипке багыттаган экен. Көрсө, билим берүү жагына басым жасап, тарбия иштерин алдыңкы орунга койгон тура. Ооба, мен мугалим, өзгөчө чет тилчи болгонума сыймыктанам. 2009-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун чет тилдер факультетин аяктадым. Сокулук районундагы Военно-Антоновка, №2 Сокулук жана Москва районундагы №1 Ак-Суу мектептеринде эмгектенип, бир топ тажрыйба топтодум. 2021-жылдан бери Черняховский атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде чет тили мугалими болуп иштеп келем. Жолдошум экөөбүз 4 баланы тарбиялап келебиз. 14 жылдык педагогикалык ишмердүүлүгүмдө сынак мен үчүн кубанычты тартуулады. Алгач мектепте, райондо өткөн сынакта толкундоолорго кабылып, жамаатымдын ишеничин актоо үчүн түн уйкумду да бөлгөм. Райондон облуска аттанганда жоопкерчилик жүктөлүп, алга карай умтулуу гана керек экенин туу туттум. Кайда басам да, «сынак» деген сөз жолума төшөлгөндөй, кээде түшүмдө да чет тилинде «Манас» эпосунан үзүндү айткан күндөр эсимде. Ооба, 40 мүнөткө жакын убакытка чейин «Манас» эпосунан үзүндү айта алам. Аны окуучуларыма да үйрөтүп келем. Бир идеяга, же жан дилиң менен багыт алган максатка умтулганда экинчи иштериң четке сүрүлүп калат шекилдүү. Дегеним, облустук сынак улам жакындаган сайын, күндөлүк айрым иштер эстен чыгып да кетчү болгон. Жолдошум таңдан кечке иш үстүндө, балдарым жаш болгондонбу, айрым учурда базардан азык-түлүк сатып алуу үчүн барам. Ошондой учурларда оюмда сынак түнөп, айрым нерселерди унутуп кайра үйгө келген учурлар болгон. Кээде, бирөө суроо салса, жоопсуз калтырып, толук көңүл бурулбай да калган. Мен ушул жагдайларды сынактан соң сездим. Убакыт алтынга тете экенин билдим. Көрсө, сынак турмушта көп нерсени үйрөнүүгө, үйрөтүүгө калыптайт тура», — деди Ф.Кенжаева.

Ал өз сөзүндө ата-энесинин эмгегин да кошумчалап: «Ырааматылык Ибрагим атам өмүр боюу фермерлик менен алектенип, 69 жашында каза тапты. Ал эми өзгөчө ысымдуу апам, кыргыз айымы Бувзилол 73 жашта. Бивзилол деген сөз түрк тилдеринде тунук суу деген маанини түшүндүрөт. Атына заты жарашкандай тунук суудай өмүр тартуулап, дайыма төрүбүздүн көркү. Облустук «Жыл мугалими» сынагынан республикага жолдомо алып, 1-даражадагы диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланганымда апам кадимкидей жаш баладай сүйүнүп, кучактап көзүнөн да жаш алган. Мен ал сүйүнүчтүн, кубанычтын көз жашы экенин сездим. Секелек кыздай мойнуна артылып, бетинен өөп, эне жыты кумарына баттым. Бул башкача сезимди сөз менен айтуу да мүмкүн эмес. Ошентип, жашообуз өтүп жатат. Көбүнчө жаратылышка саякат жасоону, аңчылык кылууну жактырам. Эми республикалык сынакка даярданып жатам. Ошону менен бирге аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына акысыз чет тилдерин үйрөтүү боюнча да мерчемделген иш-аракеттерим бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE