36 жаштагы Индира Байзакова 7 баланын апасы (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushМанас району Манас айылынын 36 жаштагы тургуну Индира Байзакова айылындагы эң жаш баатыр эне. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу экөө 2005-жылы баш кошушкан. Учурда 5 кыз, 2 уулдун апасы.

«Бала күнүмдөн көп балалуу болууну көп кыялданчумун. Балалык кыялыма жетип, 7 энесимин. 7 баланы багып тарбиялоо мага өтө деле кыйын болгон жок. Анткени мен 2 кайын эне менен жашап, балдарымды бакканга көп жардам беришти. Турмушумда жолдошумдун да колдоосу, жардамы чоң болду.

Балдарымдын ар бир күнү кызыктуу. Балдарымдын чоңоюшу, там-туң басканы тили чыгып сүйлөгөндөр мен үчүн бакыт. Балдарым ооруса алар менен кошо ыйлап, алар ооруганча мен оорусам экен деп ошондой күндөрдү дагы өткөрдүк

7 баламды тең жолдошум төрөт үйүнөн өзү чыгарып, ар бирин жашообуздагы майрам деп тосуп алчу. Эң улуу кызым Акылай студент. Арабаев атындагы университетте 2-крусту окуйт. Экинчи кызым Асылай 10-класста, үчүнчү кызым Элнура 8-класста, төртүнчүм Арман 6-класста окуйт. Арман азыркы учурда футбол жана күрөш менен машыгат. Бешинчим Даяна 4-класста, алтынчы кызым Сумая башталгыч класста окуп калды. Жетинчи балам Арслан 3 жашта.

Пример HTML-страницы

Улуу кызымды төрөгөндө 19 жаштагы кыз экенмин, абдан жаш экенмин. Ошондо 2 кайын энем бар эле. Кызымды өздөрү эле багып коюшкан. Эмгизип эле бербесем, калган түйшүктү экөө мойнуна алып багышты. Экинчи кызымды курсактагы кезинде апамдар (кайын энелери) «төрөй бер, биз турабыз го» деп колдоп турушту. Көп бала төрөгөнүм менен апамдардын аркасы менен көп деле түйшүк тарткан жокмун. Улуу апам (кайын энемсинин кайын энеси) менен 11 жыл чогуу жашадык. Ал 2011-жылы көз жумду. Ал эми апам 67 жашта. Апам бүгүнкү күнгө чейин балдарыма каралашып, ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Көчөдө көптөр, өзгөчө улуу муундагылер мени «эки электен өткөн, 2 кайын энеден такшалган келин» деп айтышат экен. Бирок мага экөө тең көп жардам беришти», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кайын журту жогорку окуу жайда окутканын кошумчалады.

«18 жашымда турмушка чыктым. Анан кайын журтум «Келинибизди жаш алдык. Бирок келечегине кам көрөлү» деп өздөрү жогорку окуу жайга окуткан. Кесибим боюнча мугалиммин. 2013-жылдан баштап, 2017-жылга жылга чейин Манас орто мектебинде мугалим болуп иштедим. Азыр декреттик өргүү алып, балдарым менен үйдөмүн. Кесиптештерим «төрөп бүтсөң, иште» деп күлүп калышат», — деди Индира айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️