Turmush — Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү 15-июль саат 00:00гө карата Кара-Суу районундагы селдин кесепеттери боюнча маалымат берди.
Кыргыз-Чек айылы:
— 95 үйгө сел кирип, 10 даана жеңил унаа жабыркап, 15 үй-бүлө туугандарына көчүрүлдү. 2 оор техника тартылды. 1 мектеп, 1 ооруканага сел суулары кирген. Жарандык коргонуу тарабынан 70дөн ашык адам жумушка тартылды.
Асан-Чек айылы:
82 үйдү сел каптады, 1 үй авариялык абалда, 2 үйдүн сарайы кулады. 1 мектеп жана 1 музейге сел суулары кирген. Жарандык коргонуу тарабынан 60 адам жумушка тартылды.
Достук айылы:
85 үйгө суу кирди, 2 жеңил унаа жабыркады, 1 үйдүн ашканасы көчүп түштү, 10 үйдүн жер төлөсүнө суу кирди. 2 оор техника тартылды. Жарандык коргонуу тарабынан 60дөн ашуун жумушчу ишке тартылды.
Мады айылы:
60 үйгө сел кирди, 5 га айдоо аянты, 2 оор техника, 2 жеңил унаа жабыркады. Жарандык коргонуу тарабынан 40тан ашык адам жумушка тартылды.
Социализм айылы:
15 үйгө сел кирди. Жарандык коргонуу тарабынан 30дан ашык адам жумушка тартылды.
Датка айыл аймагынын Фуркат айылы:
5 үйдүн короосуна, 1 ооруканага, 1 бала бакча, 1 мектепке сел суулары кирген.
Маданият айылы:
20 га айдоо аянт, 1 көпүрө жабыркады. Жарандык коргонуу тарабынан 1 экскаватор тартылды.
Жалпы 342 үйгө сел суулары кирген. Жарандык коргонуу тарабынан 260 адам тартылды.
Жалпы 16 унаа жабыркаса, анын ичинен 10у жеңил жабыркаган. Ошондой эле 2 оор автоунаа зыянга учурады.
Жабыркаган айдоо аянты жалпы 25 гектарды түздү.
Ветеринардык кызматтын маалыматы боюнча:
— Баш-Булак айыл аймагынын Торгой булак айылында 5 кой;
— Мады айыл аймагынын Достук айылында 1 кой;
— Кыргыз-Чек айылында 4 кой, жалпы 10 кой сел сууларынан өлгөн.
ӨКМден жалпы 323 өздук курам тартылды.
Тартылган техникалар:
— ӨКМден жалпы 22 атайын техника жана 11 инженердик техника тартылды. 1 атайын техника Беш-Мойнок айылына жана 5 атайын техника Торгой-Булак айылына. Мындан сырткары 16 мотопомпа жана 3 өрт өчүрүүчү техника тазалоо иштерин аткарууга тартылган.
— Жергиликтүү тургундар тарабынан Мады айыл аймагына 2 экскаватор тартылып, жарандык коргонуу тарабынан 1 экскаватор Датка айыл аймагынын Маданият айылында иштеп жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.