33 жаштагы мугалим Эркинбек кызы Гүлмайрам 7 баланын апасы (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Жон-Коргон айылынын 33 жаштагы тургуну Эркинбек кызы Гүлмайрам 5 кыз, 2 уулдун апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими. Жолдошу Таласбек экөө 2009-жылы баш кошкон. «Баатыр эне» орденин быйыл алды.

«Мен турмушка чыга электе эжем менен сүйлөшүп, «Толик деген орус балага турмушка чыксам болобу?» деп тамашалап сурап калдым. Анда ойдо жок эле сүйлөгөм. Эжем «атам сени оруска бербейт, кыргыз Толикке эле тий» деп күлдү. Жашоо ушундай нерсе экен, кээде сүйлөгөн сөзүн дагы ишке ашып кетет. Чындап эле Толик деген балага турмушка чыгып калдым. Жолдошумдун аты Таласбек, бирок баары эле Толик деп аташат. Анан эжем «кыргыз Толигиңди таапсың» да деп күлгөн.

Келиндик доордо эң эле эсимдеги учур, жаңы келин болуп келгенде кайын атама жүгүндүм. Мен жүгүнгөндө атабыз «кулдугум бар» деп айтып баары күлүшкөн. Мен деле билбейм да, көрсө кулдугум бар деп кыз тарапка ачуу басар алып баргандар айтышат экен.

Жыл сайын көрсөтүүчү «Один дома» деген тасманы көргөн сайын көп балалуу болгон кандай сонун деп кызыкчуумун. Жашоодо абдан таарынчакмын. Мен таарынып калган учурларда мен сүйлөбөй, күлбөй да койчумун. Жолдошум күлдүргөн го аракет кылып, күлкүлүү окуяларды айтып, ырдап менин таарынычымды жазчу. Экөөбүз жетишип тапкан байлыгыбыз балдарыбыз деп ойлойм. Турмуш сыноосуз болбойт эмеспи.Бирок ошол сыноолорду жеңип, экөөлөп иштеп, балдарга камкордук көрүп, өстүрүп келе жатабыз. Келечекте балдарымдын ден соолугу бекем болуп, ыймандуу болсо экен деп тилейбиз», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Каарманыбыз буга катар эле балдарынын кызыктуу кылыктарын айтып берди.

«Бир жолу улуу балам «атам экөөңөр кантип үйлөндүңөр?» деген суроо берди. «Биз үйдөн эле той өткөргөнбүз. Эшиктин алдына эл бийлеп, музыка жаңырган» десем балам «Ошо мен билем, 2 жашта болчумун. Эл бийлеп жатканын айнектен көргөм» деп коёт. Ага абдан күлгөнбүз.

1-класска сабак берип жатып, балдарга «чоңойгондо апаңарга эмне алып бересиңер?» десем «унаа, там, телефон, алтын алып берем» деп жооп жатышса бир балам «Мен апама ракета алып берем. Анан ракетанын үстүнө апамды отургузуп асманга учуп кетебиз» деген эле. Балдар менен ушундай кызыктуу», — деди ал.

Мугалим айымдын уул-кыздары:

— Нурэл 13 жашта.

— Байэл 12 жашта.

— Анеля 10 жашта

— Алия 8 жашта.

— Самира 6 жашта.

— Аймира 4 жашта.

— Жазэл 1 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️