32 жаштагы Фарида Камилжан кызы Жалал-Абаддын эң жаш «Баатыр энеси»

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Жалал-Абад облусунда 87 энеге «Баатыр эне» ордени берилди. Анын ичинен эң улуусу 82 жашта болсо, эң кичүүсү 32 жаштагы Фарида Камилжан кызы болду. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Фарида Камилжан кызы Сузак районуна караштуу Жашасын айылында жашайт. Балдарынын улуусу 14 жашта болсо, кичүүсү 3 жашка толоюн деп калды. Жалал-Абад шаарында чоңойгон Фарида элеттин тың келиндеринин бирине айланган.

«Биз 3 кызбыз. Үйдө сүйлөшүп калганда бир туугандарыма “Чоң үй-бүлөгө барган жагат” деп калчумун. Эжем “Көпчүлүктүн кирин жууйсуң, кыйналасың” дей берчү. Жаштайымдан күрүчтү аябай жакшы көргөндүктөн “Күрүчү көп жерге барам” дечүмүн. Айткандай гектарлаган талааларга күрүч эгилген айылга турмушка чыктым. Адегенде, бул айылга эжем турмушка чыккан. Эжеме келгенде жолдошум мени көрүп калган экен. Кийин экөөбүз таанышып калып, үй-бүлө курдук. Шаарда чоңойгондуктан тандырга нан жаба албай түшүп калып, күйгүзүп алып жүрдүм. Бирок кайын журтум түшүнүү менен кабыл алышты. Жолдошумдун колдоосу менен орун-очок алып калдым», — дейт ал.

Үй кожейкеси Фарида катарынан 5 кыз, 2 уулду жарыкка алып келген. Түгөйлөр 10 балалуу болууну кыялданышат.

«Биринчи төрөтүмдө гана кыйналдым. Калгандарын төрөт үйүнө барганда 1 саатка жетпей көз жарам. Толгоо тартып жаткан күнү да нан жаап, төрөгөнгө жакындап калганда гана барам. Өзүмдөгү абалды өзүм жакшы билем, анан жолдошума айтам. Кудайым ден соолук берсе дагы 3 наристени балдарымдын катарына кошууну ниет кылып жатабыз. Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт. Жолдошум балдарды эч нерседен кем кылбай багып жатат. Кыздарымды 2 кайын сиңдим жардамдашканы үчүн балдарды караганда кыйналган жокмун. Азыр болсо алар турмушка чыгышкан. Уулдарымды улуу кыздарым караганга көмөктөшүп калышты.

Пример HTML-страницы

Ар биринин кыялы бар. Ар бирине ар башкача мамиле жасайм. Балдардын түйшүгүнө эне эле түтөт жана чыдайт го дейм», — деди ал.

Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 10 миң 487 көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлык менен сыйланышкан. Алардан 8815 энеге «Баатыр эне» ордени, 1672 энеге «Эне даӊкы» медалы тапшырылган.

«Баатыр эне» ордени менен энелер 7 жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) Мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

«Эне даңкы» медалы менен 6 баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана калгандары тирүү болгон энелер — Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланат.

«Эне даңкы» медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:

1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата Мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;

3) күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын кесепетинен каза болгондор (жол-транспорт кырсыгы, өндүрүштөгү жаракаттар, өзгөчө кырдаалдардан алган жаракаттар, оорулардын кесепеттери, киши өлтүрүүлөр жана эне менен балага көз каранды болбогон башка жагдайлар).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️