300 жылдык дарактар өскөн аймактан элди көчүрүшкөн (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Мурас айылында өзүнүн уникалдуулугу менен таанымал болгон Мадыген геопаркында көпчүлүккө белгисиз болгон, кылым карыткан дарактар өсөт. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургун Абдисалам Юлдашев билдирди.

Анын айтымында, бул аймакта 1950-жылдарга чейин азыркы Лейлектин Кулунду айылында жашаган тургундардын аталары жашап келген. Ал бала чагында бул Мадыген аймагынан Кулундуга көчүп келишкен. Ал кезде азыркы Кулунду айыл аймагы какыраган талаа болчу.

  • 1954-1955-жылдары аймактагы калкты азыркы Лейлек районундагы Кулунду, Катраң, Баул, Булак-Башы, Ак-Арык айылдарына көчүрүшкөн.

«Мен кичинекей кезимде ата-энем, айылдагылар баары Кулундуга көчүп келгенбиз. Мамлекет тарабынан 1954-1956-жылдары көчүрүү болуп, азыркы айыл аймакка найман уруулары көчүп келгенбиз. Ошол убакта калкты бул аймакка көчүрүү Исхак Раззаковдун демилгеси менен ишке ашкан. Анын кыраакылыгы мына ушунда болгон экен. Бизди тажикстан менен чектеш аймакка алып келип, чоң суу каналын курдурган. Эгерде ошондо калктуу конуш чек арага келбегенде, биздин көп жерлер башка мамлекеттерге өтүп кетмек экен. Биздеги ири сугат каналы да ушул чек арага жакын жерге курулган. Айылдардагы дыйканчылык ушуну менен өнүктү. Каналдын курулушу да сапаттуу болгондуктан азыркыга чейин колдонулуп келет», — деди ал.

Мадыгендеги дарактар өскөн жер мурда токой болгону айтылат.

Пример HTML-страницы

«Биздин ата-бабаларыбыз азыркы Рават айылында жашашкан. Ошондо биздин уруудан чыккан Жолдош деген мергенчи ушул Мадыгендеги токойго аңчылыкка барат. Токойдо жылан кол салып жаткан баланы куткарып, ал бала бектин баласы болгон экен. Бек ага ыраазы болуп шамшары менен бул токойдон жер белек кылган экен. Ошентип найман уруусу, анын ичинде дагы көп уруулар ушул Мадыгендеги жерге көчүп келип отурукташып калышкан.

Аймакта Көз-Көк, Мазар-Тал, Суук-Булак, Терек-Башы деген жерлер бар. Анан да пайгамбардын Хажы Абдулло Хасаби сахабасынын мүрзөсү да ушул жерде. Ал мүрзө дагы деле сакталуу. Терек-Башы булагында көп кылым карыткан дарактар болчу. Арасында 5 метр, 10 адамдын кулачы жетпеген дарак бар эле. Кийин биз көчүп кеткенден кийин ал жерге жакын жашаган жашоочулар кыйып кетишти. Мөмөлүү дарактар такыр калбады. Бирок ал жердеги дарактар сакталуу. Азыр да ал жердеги Суук-Булак шырылдап агып турат. Мен да барган сайын ал жактан зыярат кылып турам. Ага анчейин алыс эмес жерде бир койчу жашайт. Андан кишинин абалын сурап, кимдер келип кетип турат баарлашып келем», — деди Юлдашев.ң

Тарыхчылар «Мадыген» геопаркындагы кылым карыткан дарактар мындан 300 жыл мурда тигилгендигин айтышат. Геопарктын жалпы аянты 8160 гектарды түзүп, 2023-жылдын апрель айынан тарта коргоого алынган.

  • Мадыген геопаркынын жарымы Лейлек районуна караса, жарымы Баткен районуна карайт.

Мадыген геопаркы:

Баткен районунун Самаркандек аймагындагы Мадыген геопаркында l-lV кылымга таандык таштан жасалган мештер бүгүнкүгө чейин сакталуу.

Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, бул мештерде убагында ушул аймактагы өндүрүлгөн кен байлыктар ээритилип, кайра иштетилип турган. Бул жерде биздин замандын l-lV кылымдарында күмүш рудалары ээритилип алынган. Өндүрүлгөн кен байлыктар башка жактарга ташылып турган.

«Кыргызстан кендерге бай өлкө. Анын ичинде Баткен аймагында бир канча кен байлыктар казылып келген. Айтсак 1-4-кылымдарда Кан-И-Гут шахтасынан күмүш алынган. Мына ушул кылымдарда бул аймактан кенди ээритип рудаларын башка жакка ташып кетүү үчүн таштан жасалган мештер курулган. Бул казандар канча жыл, кылым карытса да бузулбай сакталуу. Бул жерден башка кен байлыктар да ээритилген болушу мүмкүн. Айрыкча күмүш рудалары алынган», — дейт тарыхчы Кубанычбек Таиров.

Тарыхта бул аймакты гун уруулары иштетип тургандыгы айтылат. Таштан куралган мештердин айланасында ээритилген кендердин калдыктары, күлдөрү төгүлгөнүн көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️