30 жаштагы Айчүрөк Бадирова дайынсыз жоголду

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush30 жаштагы Айчүрөк Бадирова 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу жакындары билдирди.

Алардын айтымында, 1994-жылы туулган Айчүрөк Бадирова Чүй облусунун Москва районуна караштуу Крупская (Винсовхоз) айылынан чыгып кеткен боюнча дайыны чыкпай жатат.

«2024-жылдын 17-июнунан бери дайын жок. Психикалык жактан жабыркайт», — деди алар.

Изделип жаткан жаран тууралуу маалыматы барлар 0990 44 77 65 телефон номуру аркылуу кабарласа болот.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы арыз катталып, издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️