Пример HTML-страницы

3 миңдей адамдын алдында өзүнүн заарасын ичти делген Акбала элден кечирим сурады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨзүнүн заарасын ичти делген Акбала милицияга алынып келди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 25-майында болжол менен саат 01:00-02:00 аралыгында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1974-жылы туулган Акбала Нурдинов аттуу тургуну социалдык тармактардын биринде «Батл» оюнун ойноп жатып, өзүнүн заарасын ичкен.

Милицияга алынып келген жаран өзүнүн көрсөтмөсүндө ал заарасы эместигин, алдын ала даярдап койгон суусундукту (сок) ичкендигин жана мындан ары терс көрүнүштөр кайталанбай тургандыгын айтып, элден кечирим сураган. Ошондой эле «Батл» оюнун 3 миңге чейинки адам карап отурганын (онлайн) билдирген.

Учурда бул фактыга юридикалык баа берүү максатында Сузак РИИБи тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE