Пример HTML-страницы

3 балалуу жалгыз бой эне А.Сапарбаева күндүз унутта калган нанды бышырып, кечкисин такси айдайт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шайдан айылынын 33 жаштагы тургуну Асел Сапарбаева унутта калып бара жаткан ачыткы нан жасап, киреше табууда. 3 баланы жалгыз өстүрүп келе жаткан наабайчы айым менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Каарманыбыз нан бышыруунун сырын Россияда миграциясында жүргөндө үйрөнгөнүн айтат.

«Мектепте 9-классты аяктагандан кийин Жалал-Абад шаарына келип, кесиптик окуу жайды аяктап, наабайчы кесибине ээ болдум. Андан соң эл катары Россияга иш издеп кетип, ал жакта ашканада, кийинчерээк нан жапкан жайда иштеп жүрдүм. Ачыткыга нан жасагандын сырын да ошол жакта иштеп жүрүп өздөштүрдүм. Кийинчерээк турмушка чыгып, 3 балалуу болгондо жолдошум менен жолубуз болбой, эки ара жолго түштүк. Балдардын жарымы кайын журтумда, жарымы ата-энемде жүрүп, эки жакта болуп калды. Мындан улам миграциядан кайтып, Кыргызстанга келип, балдарды багууга туура келди. Жалал-Абад шаарынан ижарага батир алып, жашап жатканыбызга 1 жылдан ашык убакыт болду. Ал арада балдарды багып, тиричиликке да каражат табуу керек болду. Мындан улам үйдө пирожки, самса жасап, дүкөндөргө өткөрүп жүрдүм. Андан түшкөн каражатты чогултуп, нан бышыруучу цех ачтым. Нан бышыруунун технологиясын өзүм өздөштүргөндүктөн имаратты, муздаткычты, мештердин баарын ижарага алдым. Ишти жөндөп кетүү оңойго турган жок», — дейт ал.

Асел Сапарбаева учурда иниси көмөктөшүп жатат. Анын айтымында, иниси экөө түнү менен нан жасап, эртең менен дүкөндөргө велосипед менен таратып, жамгырда, суукка калган учурлар болгон.

Ал наабайчылыктан сырткары кошумча каражат табуу үчүн күн сайын кечкисин такси кызматында иштейт. 3 баласын эч нерседен кем кылбай өстүрүү максаты бар экенин айтат.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE