Пример HTML-страницы

29 жаштагы А.Алтынбекова кыялданып жеткен кесибин маянанын айынан өзгөртүүгө мажбур болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 29 жаштагы тургуну Айтурган Алтынбекова билими боюнча финансист. Бул кесипти кичинесинде тандап, кийин бул багытта атайын билим алган. Бирок айлык маянанын аздыгынан кесибин өзгөртүүгө мажбур болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айтурган учурда тамак-аштын түрүн жасап, элге кызмат кылууда.

«Кичинемден банкта иштегим келчү. Финансист болуу үчүн окууну да аяктадым. Талас агрардык техникумун бүтүрдүм. Ал орто кесип болгондуктан, жогорку окуу жайда билимимди улантам деп жаткам. Ошондо банктан жумуш чыкты. Кирип иштейин десем, ал учурда айлык акы 5000 сом экен. Мен айлык акы аз болгондуктан, башка да жумуштарды карап, ойлонуп баштадым. Ошентип ашпозчу болуп иштөөнү чечтим. Өзүм да тамак жасаганды аябай жакшы көрөм. 30 жашка чейин өзүм иштеп, андан соң башка адамдарга жумуш орундарын түзүү ниетим бар эле. Аябай чоң үмүт менен бул тармакты казып, үйрөнө баштадым. Анткени башкаларга үйрөтүү үчүн өзүң ошол иште үлгүлүү болуп турушуң керек. Мен тамактардын, салаттардын түрлөрүн жасаганды үйрөндүм», — деди ал.

Каарманыбыз жыл өткөн сайын элдин тамакка болгон табити өзгөрүп бара жатканын айтты.

«Ар бир ашпозчунун тамакты, салатты жасоо рецеби бар. Мен көптөгөн ашпозчулар менен иштешип, алардан да көп тажрыйба алдым. Бул иш менен алектенгениме 6-7 жылдан ашып калды. Буйрутма бергендерге тамак-аштын түрүн, салаттарды жасап, аларды кооздоп салып берем.

Буйрутманы үйдөн эле алып жасайм. Азыркы учурда көпчүлүгү буйрутма берип, дасторконду даярдап жатпайбы.Салаттардын түрү чыгып, элдин табити акыркы жылдары абдан өзгөрдү. Идиш, салат, тамактын кымбатын гана тандашат. Мен тамак-аштын тизмесине өзгөчөлүк киргизгенге аракет кылам. Мисалы, быйыл коён жылында коёндун сөлөкөтүн түшүрүп, салат жасадым. Рецеби өтө жөнөкөй, бирок өтө даамдуу, көрктүү болот», — деди ал.

Каарманыбыз жолдошу Соотбек Иназаров менен 2 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE