27 жаштагы Азамат Маматжанов өлкөдөгү калкы эң көп райондордун биринин акимине орун басар болду

Акыркы жанылыктар

Turmush27 жаштагы Азамат Маматжанов Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды.

Азамат Маматжанов 1997-жылы 24-январда Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн.

Ал буга чейин Сузак райондук мамлекеттик администрациясында бир катар кызматтарда эмгектенген.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

Пример HTML-страницы

— 2015-жыл Жогорку Кеңеш, коомдук жардамчы;

— 2018-2021-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясында уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси;

— 2021-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясында Социалдык сектордун адиси;

— 2021-2023-жылдары Сузак райондук мамлекеттик администрациясында социалдык сектордун башчысы;

— 2023-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясында социалдык өнүктүрүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси.

Ал үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Буга чейин Сузак районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп Камбарова Гүлмира Бекеновна иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2021-жылдын август айында дайындалган болчу.

——————————————————

Сузак району Кыргызстандагы калкы эң көп райондордун бири болуп саналат. Акыркы эл каттоо боюнча, аталган аймакта 332,3 миң адам жашайт.

Кыргызстандагы калк эң жыш жайгашкан райондор (2024-жылдын 1-январына карата):

— Кара-Суу району — 488,2 миң адам;

— Сузак району — 332,3 миң адам;

— Ноокат району — 325,9 миң адам;

— Өзгөн району — 296,1 миң адам;

— Сокулук району — 266,1 миң адам;

— Кадамжай району — 209,9 миң адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️