Пример HTML-страницы

25 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жаткан Н.Мусаева миңге жакын адамды тейлейт

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush25 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жаткан Нургүл Мусаева менен аймактык кабарчы таанышты.

Нургүл Мусаева Жолдошовна 1977-жылы 30-январда Нарын районунун Учкун айылында төрөлгөн. 1995-жылы Нарын медициналык окуу жайынын акушердик иш бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун Ат-Башы райондук төрөт бөлүмүндө иштөө менен баштаган. Ал жерде 2 жыл иштеген соң, Ат-Башыдагы аялдар кеңешканасына которулган. 2001-жылдан бери Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеп келе жатат.

Медайымдын 3 уул, 1 кызы, 3 небереси бар.

«Бардык кесип ардактуу. Жумушумду сүйөм. Иштин оордугуна, кыйынчылыгына чыдап, иштеп келе жатабыз. Мурун тармак болуп бөлүнүп иштечүбүз. Мен акушер болчумун. Азыр үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда үй-бүлөлүк медайым болуп иштеп келем. Мында балдарды, чоң адамдарды, боюнда бар аялдарды аймактарга бөлүп алып тейлейбиз. Ар бир медайым 1000ге чукул адамды тейлейт. Келиндердин боюнда болгондон тартып биздин көзөмөлүбүздө болот. Аман-эсен көз жарып алса экен дейбиз.

Төрөт үйүндө да иштеп калбадымбы. Ошондогу ата-энелер жолугуп, баягы сен төрөткөн бала десе, ушул балдардын киндик энеси болдум эле деп сыймыктанып каласың. Аман-эсен чоңойсо, келиндер жакшы төрөп алса, ооруган адамдар айыгып кетсе, аябай сүйүнөбүз. Ак халатты кийгенден кийин чоң жоопкерчиликти сезебиз. Элибиз тынч, аман-эсен болсо экен дейбиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE