25 жаштагы Сайкал Салыкова алгачкы жолу жансыз денени көргөндөгү сезимдерин унутпайт

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — 24 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Сайкал Салыкова. Ал учурда Түп райондук ички иштер бөлүмүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында эмгектенет. Кенже лейтенант Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жумушу тууралуу айтып берди.

Сайкал Салыкова 1999-жылы Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жарык дүйнөгө келген. 2006-2007-жылдары академик М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиянын босогосун аттап, 2018-жылы аяктаган. Андан соң ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясынын контракттык бөлүмүнө тапшырып, 2022-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

«Үй-бүлөдө 7 бир тууганмын, 6 кыз жана кичүү иним бар. Атам фермер, апам үйүбүздүн коломтосун жандырып турган үй кожойкеси. Мектепте билим алып жүргөн мезгилде классыбызга лекция окуу үчүн погончон кызматкерлер көп келишчү. Ошол маалда эмнегедир милиция кызматкери болуу кыялым ойгонуп, форма кийүүнү эңседим. Ошентип мектепти аяктагандан кийин ИИМдин академиясына тапшырдым. Бул чечимиме ата-энем, бир туугандарым каршылык деле көрсөткөн жок. Башка курсанттар сыяктуу эле мен дагы 1-курста билим алып баштаганда алгачкы үч айча көнө албай кыйналдым. Мындан ары окуй аламбы деген ар кандай ой кетти. Анткен менен 2-курста билим ала баштаганда атайын сабактар кирип, кызыктуу боло баштады. Ошондо гана мен кесибимди туура тандаганыма ыраазы болуп, өзүмдү кубаттадым.

Студенттик кез абдан кызыктуу өттү десем жаңылышпайм, эстен кеткис күндөр дагы коштолду. Соттук-медициналык экспертиза сабагынан мейитканага биринчи жолу кирип, жансыз денени көргөндө чочуп, 3 күн бою аркамда тургандай, көзүмдү жумганда көз алдыма тартылып тура берди. Андан кийин көнүп кеттим. Ошентип окуу жайды аяктар алдымда Бишкек шаарындагы Ленин РИИБде тергөөчүнүн жардамчысы болуп мамлекеттик практика өтөдүм. Анда насаатчымдан тергөөнү, иш кагаздарды жүргүзүүнү үйрөнүп, 2022-жылы академияны аяктадым. Ал эми 2023-жылы жумушка орношуу үчүн сынакка катышып, 2024-жылы алгачкы иш тажрыйбамды Түп РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында башап, азыркы тапта ийгиликтүү эмгектенип келе жатам», — деди ал.

Каарманыбыз бош убактысын спортко арнап, ар кандай республикалык турнирлерге катышып келерин кошумчалады.

Пример HTML-страницы

«Негизи мектепте билим алып жүргөн мезгилде эле спортко кызыгып, баскетболго катышып келгем. Ага кошумча футбол боюнча облустук кыздар командасына кабыл алынып, мелдештерге аттанчу элек. Мындан сырткары 2018-жылдан бери кесибиме байланыштуу өзүн-өзү коргоо багытында дзюдо менен машыгам. Ал эми кез-кезде таэквондого да кызыгып, убактымды бөлөм.

Жумушум жөнүндө айтсам, бир күн экинчси күнгө окшобогон, өзгөчө кызыктуу окуялар менен коштолору талашсыз. Айрыкча өспүрүмдөр менен иштөө өтө кылдаттыкты талап кылган майда иш десем жаңылышпайм. Ошол эле мезгилде балдардын ички дүйнүсүн жана эмнени каалап жатканын билүү үчүн анын мүнөзүн аныктап, тилин таап, ишенимине кирүү зарыл. Албетте, форма кийген абалда мектепке барганда кадимкидей сүрү болот. Биздин максат кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоого багыт бергендиктен мына ушул тартип менен жаш өспүрүмдөргө байланыштуу окууларды байма-бай өткөрүп турабыз. Эң негизгиси өз кесибимди туура тандаганыма сыймыктанам. Келечекте өзүмдү тергөө бэлүмүнөн сынагым келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️