25 жаштагы Нурсултан Абдуллаев Дубайда чоң кызматта иштеген адамдарды спорт менен машыктырат

Нурсултан Абдуллаев Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 Нурсултан Абдуллаев. Ал учурда Дубай шаарында жеке машыктыруучу болуп иштеп жатат.

Каарманыбыз 1999-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу.

«Чет өлкөгө болгон сапар 2022-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына келүү менен башталган. Андан бери 6 өлкөнү кыдырууга жетиштим. Алсак, Таиланд, Малайзия, Сауд Арабия, Оман, Россия, Казакстан. Учурда Дубай шаарында бокс, кикбоксинг боюнча жеке машыктыруучу болуп иштейм. Миллионер, чоң кызматтарда иштеген адамдарды спорт менен машыктырам. Өзүм бул жерге келгенден бери бокс, кикбоксинг, грэпплинг боюнча көптөгөн мелдештерге катышып, ийгиликтүү жыйынтыктарга жеттим. Медаль, кубок алдым», — деди ал.

Нурсултан Абдуллаев өзү жашап жаткан шаары жана эсинде калган окуясы тууралуу айтып берди.

«Бул жактын Кыргызстандан биринчи эле айырмачылыгы, кыш болбойт, жыл бою жылуу. Ал эми эинчиси, көп улуттуулугу менен өзгөчө. Бул жерде 90% эл башка жактан келгендер болгондуктан ар кандай маданиятты көрүүгө болот. Көчөдө элдер көбүнчө англис тилинде сүйлөшөт. Жергиликтүү эл Ислам динин карманат. Дубайдын мага жакпаган жагы — кээ бир унаа жолдору акылуу.

Буга чейин чайга окшогон тамекини («снюсь» деп аталат) билбейт болчумун. Бул жактан көрдүм. Аны мен билбей чай экен деп кайнак сууга салып, кайнаткам. Чогуу иштеген балдардын баарына чайга чакырып, чай бергем. Алар кечке чейин ичи ооруп, кусуп жүрүштү. Көрсө ушундай тамеки бар экен. Сыртында жазуусу жок, идиште турган. Аны балким, биздеги махорка сыяктуу чегишсе керек деп ойлодум», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️