25 жаштагы келин шок абалда калганын айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда бир түндө 6 үй тонолуп, 25 жаштагы келин жаракат алды. Бул тууралуу Turmush басылмасына жашоочулар билдирди.

Алардын айтымында, окуя 17-сентябрга караган түнү райондун Үч-Коргон айыл аймагында болгон.

«17-сентябрь күнү айылдын Whatsapp тайпасында түн жарымда 5 чакты үйгө, бир дүкөнгө ууру киргенин, а түгүл ал бир келиндин колуна жаракат келтиргени тууралуу маалыматтар чыга баштады. Андан кийин эле дүкөндөгү көзөмөл камераларынын бирине анын видеосү түшүп калганын айтып, ууруну тааныгандарды сурай башташты. Ушул тапта милиция кызматкерлери аны издеп жатканын айтууда», — деди тургундардын бири.

Бул маалыматты Үч-Коргон айыл өкмөтүнү башчысы Маматысак Жапаров тастыктап, ууру анын үйүнө да киргенин айтты.

Пример HTML-страницы

«Чындыгында 2 күн мурун баарыбызды таң калдырган окуя орун алды. Ууру түн ичинде бир канча үйдү, айылдагы дүкөндү тоноого жетишиптир. А түгүл ал айылда мен жашаган үйгө да кириптир. Ошол күнү үй-бүлөм менен конокко кеткенбиз. Кеч киргенде келсем, үйдүн баары чачылып жатыптыр. Менимче ал акча, баалуу бюмдарды издеген окшойт, бирок эч нерсе таба албай чыгып кетиптир. Мен ошол күнү милицияга окуя болгондугу тууралуу билдирип, эч кандай зыян келбегендиктен арыз жазган эмесмин», — деди Жапаров.

Turmush басылмасынын кабарчысы аталган окуяда жаракат алды делген келин менен байланышты. Айдана [аты өзгөртүлдү] Таш-Көмүр аймактык ооруканасында даарланууда. Себеби ууруга кирди делген жаран бычак менен анын колун кесип кеткен.

«Биз үйдө кайын сиңдилерим, кайын энем болуп турабыз. Окуя орун алган күнү апам экөөбүз жаңы үйдө, кайын сиңдилерим эски үйдө жаткан. Эмнегедир ошол учурда уйкум келбей, телефон карап жаткам, үйдүн жарыгы өчүк болчу. Бир учурда мен жаткан бөлмөнүн жанындагы бөлмөдө бирөө буюмдарды чачып, бир нерсе издеп жатканын байкадым. Мен кайын сиңдим го деп, «кыз, эмне кылып жатасыз» десем эле ууру мага келди да, бир колу менен оозумду жаап, экинчи колундагы бычакты мага такады. Ошол учурда коркуп кетип, колум менен анын бычагын каттуу кармап алып, «апа!» деп кыйкырдым. Менин катуу кыйкырыгымдан уктап жаткан кызым ыйлап, жанымдагы бөлмөдө жаткан апам туруп келгенче ууру бычакты каттуу тартканда анын мизи менин манжаларымды кесип кетти. Ошол учурда шок абалда коркуп туруп калдым. Бычак колумдун тамырларын кесип кеткен экен. Тез жардам менен Таш-Көмргө келип, кесилген тамырларды тигип, операция жасалды. Ошол күнү милицияга арыз менен кайрылдым. Азыр абалым орто, ошентсе да коркуп калдым. Милиция кызматкерлери ууруну таап, жазасын берсе жакшы болмок», — деди ал.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тастыктаган маалыматка караганда, бул окуя боюнча 1 гана арыз түштү.

«Таш-Көмүр шаарынын аймактык ооруканасынын медайымы телефон аркылуу Таш-Көмүр ШИИБге чалып, 2024-жылдын 17-сентябрь күнү түнкү саат: 01:40 чамаларында Аксы районунун тургуну — 1999-жылы туулган келин үйүндө уюлдук телефон көрүп жаткан учурда бейтааныш эркек киши үйдүн ичине кирип, белгисиз учтуу нерсени колу менен кармаганда манжаларын ички тарабын кесип кетип, аталган адам үйдөн качып чыгып кеткендигин билдирген. Келин Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган.

Аталган факты милиция тарабынан каттоого алынып, келинге тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда Аксы РИИБ тарабынын текшерүү иштери жүрүп жатат. Айыл тургундарынын милицияга берген маалыматында белгисиз жаран бир түндө бир канча үй, дүкөнгө кирген. Бирок бир гана арыз түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️