25 жаштагы Элмира айым дароо 3 ымыркайдын апасы болду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаардык төрөтканасында үч эм төрөлдү. Ымыркайлардын ысымдарын Мариям, Муслима жана Малика деп коюшканын атасы Нурсултан Каримберди уулу Turmush басылмасына билдирди.

«УЗИде үч эм экени айтылгандан бери келинчегим экөөбүз “аттарын ушундай коёбуз” деп ниет кылган болчубуз. Кудайга шүгүр, аман-эсен көз жарып алды. Келинчегимдин абалы жакшы, кыздарымдын ден соолугу да чың. Биринин салмагы 1,500 грамм, кийинкисинин салмагы 1,950 грамм, дагы биринин салмагы 1,600 грамм. Келинчегим экөөбүздүн баш кошконубузга 4 жыл болду. 2020-жылдын май айында баш кошконбуз, учурда 4 кыздын атасымын. Улуусу дагы кыз, Кудайга шүгүрлөрдү айтам. Кыздарымдын эгиз болгону апам жактан келип чыкса керек, себеби апам дагы эгиздердин бири болгондуктан үч эмдин атасы болуп турам», — дейт үч эмдин атасы Нурсултан мырза.

Учурда Нурсултан Каримберди уулу 31 жашта болсо, келинчеги Элмира Абдыкалыкова 25 жашта.

Быйылкы жылдын эсеби менен Ош шаарында үчүнчү ирет үч эм төрөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️