24 жаштагы Алтынай Ош шаарына таштанды урналарын белекке берди

Акыркы жанылыктар

Turmush24 жаштагы Алтынай Базарбай Ош шаары үчүн 10 таштанды урнасын, бир таштанды ылгоочу урна белек кылды.

Анын айтымында, көп убакыттан бери экологиялык демилгелерди көтөрүп келет.

«Өзүм Майлуу-Суу шаарынанмын, Ошко келин болуп келгем. Учурда жаштар уюмунда иштеп жатам. Коомдук иштерге студент кезимден эле активдүү катышып, өзгөчө жаштардын потенциалын жогорулатууга көңүл буруп жүрөм. Мен үчүн жаштардын билим алып, жаңы көндүмдөргө ээ болушу өтө маанилүү. Экоактивист катары бир нече демилгелерди ишке ашырдым. Ошто жаштар үчүн «Эко лагерь» уюштуруп, аларды экология боюнча окутуп, практикалык жактан да урна жасоо сыяктуу иштерди аткардык. Өзүмө берилген стипендияны жеке муктаждыктарга жумшабай, экологиялык демилгеге сарптоону чечтим.

Ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, экологияга салым кошууга аракет кылам. Бул демилгемдин негизги максаты — элдин экологиялык аң-сезимин көтөрүү. Албетте, дагы көптөгөн экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу ниетим бар. Биз бир тараптуу эле аракет кылбай, шарттар түзүлгөндө жарандык позициябызды туура карманып, жаштарды үйрөтсөк, чоң натыйжаларга жетише алабыз. Эгерде азыркы жасалган урналар сынып жатканын кокустан көрүп калсам, жүрөгүм ооруса керек. Бирок жумушумду уланта берем, болгону маселени чечүүнүн башка жолдорун карап көрөм», — дейт экологиялык активист.

Алтынай Базарбай жашоочулардын тазалыкка жана жаратылышка болгон мамилесинде элдин баарын айыптоо туура эмес деп ойлойт.

Пример HTML-страницы

«Эл деле таза болуусун каалайт. Болгону кээ бир жоопкерчиликсиз жарандар «менден башкасы» деген принцип менен жашашат. Мен ошондой адамдарга чейин өз чакырыгымды, билдирүүмдү жеткиргим келет. Анан дагы бир байкаган нерсем, балдар улууларды, ата-энесин көрүп үлгү алышат экен. Ар бир чоң адам өзүнө жоопкерчилик алса жаштар оңолот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️