24 жаштагы Айым экинчи жолу эне болгондон кийин өмүр менен коштошту. Жолдошу окуя тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 7-сентябрында Чүй облусунун Сокулук районундагы төрөт үйүндө 24 жаштагы Айым Жыргалбек кызы көз жумду. Маркум келиндин жолдошу Дастан Андарбеков Turmush басылмасынын кабарчысына окуя тууралуу айтып берди.

Дастан Андарбеков жубайынын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду деген пикирде.

«Артында жаңы төрөлгөн ымыркай жана кызыбыз калды. Тун кызыбыз мындан 2 жыл мурун Бишкек шаарындагы ооруканадан операция жолу менен төрөлгөн болчу. Сокулуктун дарыгерлери өз алдынча төрөй аласың дешкен экен. Дарыгер болгондон кийин УЗИге түшкөн соң эле алар өзү төрөгөнгө болбойт деп билиш керек болчу да. «Балага же сизге зыян болуп калат» деп айтып, чара көрүшсө болмок. Тажрыйбасы жок дарыгерлер болуп калдыбы деп ойлойм.

Тергөөчүлөр баарыбыздан маалымат алышты. Андан кийин байланыш боло элек. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын да күтүп жатабыз. Биз тергөө иши так, туура жүрүп, сот калыс чечим чыгарып берет деп ишенебиз. Дарыгерлер күнөөлүү болсо, күнөөсү аныкталып, жоопко тартылсын. Күнөөсүз болсо, ак экени далилденсин», — деди ал.

Дастан Андарбеков менен Айым Жыргалбек кызы 2021-жылы баш кошушкан.

Пример HTML-страницы

«Келинчегим экөөбүз И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде чогуу окуганбыз. Экөөбүздүн тең кесибибиз энергетика тармагы. Ошол жактан таанышып, ошол жактан сүйлөшүп калдык. 2021-жылы баш кошуп, 2022-жылы кыздуу болдук. Тагдыр экен, жубайым бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Мындай болуп кетет деп ким ойлоптур?», — деди ал.

Учурда энесинен ажыраган ымыркай (эркек бала) оор абалда. Ал Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ал эми дарыгерлер келин өзү төрөйм деп, жоопкерчилик алганын белгилешти. Оорукана жетечилиги дарыгерлердин күнөөсү жок деген пикирди карманууда.

Буга чейин Turmush Сокулук районунда 24 жаштагы келин көз жаргандан кийин каза тапканы боюнча иликтөө жүрүп жатканын жазган.

Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, 2024-жылдын 7-сентябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1999-жылы туулган келин күтүлбөгөн жерден каза болгондугу боюнча кабар келип түшкөн.

Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2024-жылдын 7-сентябрында саат 08:20 чамасында Сокулуктагы төрөт үйүнө Гавриловка айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.А. келип түшкөнү аныкталган. Ал саат 15:40 чамасында уул төрөгөн. Бирок болжол менен саат 17:45те өзүн жаман сезип, жандандыруу бөлүмүнө которулуп, саат 21:45те каза болгон.

Материалдын негизинде бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, оорукананын кызматкерлери менен бирге тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️