20 сотых жерге кулпунай айдаган Сардар чыгаша менен кирешени эсептеди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусуна караштуу Москва районунун Беш-Көрүк Мааке айылынын тургуну Сардар Багишбеков Чүйдүн төмөнкү зонасына, 20 сотых жерге кулпунай айдады.

Бир ай бою эс албай иштедик

Иним Артур Биялиев экөөбүз Чүйдүн төмөнкү зонасына кулпунай өстүрүп көрөлү деп чечтик. Адатта төмөнкү зона ысык болуп, кулпунай жакшы өспөйт деп айтып келишет. Кулпунайды көбүнчө жогорку зонадагы айылдар көп айдашат. Биздин айыл боюнча бир дагы киши кулпунай өстүрүп көрүшкөн эмес. Мындан улам бул бир гана биз үчүн эмес, айыл тургундары үчүн да өтө кызыктуу болду.

Кулпунайды өстүргөндөн кийин бир ай бою тыным албай иштейт экенсиң. Тактап айтканда, 15-апрелден 15-июнга чейин жумуш тынган жок. Башында бир күн 1-2 солду терип сатсак, эртеси башка солдорду теребиз деп ойлогонбуз. Бирок андай болгон жок. Күндө 20 сотыхтагы түшүмдү терип жаттык. Анткени кулпунай сени эс алсын же тойго барып келсин деп күтпөйт экен. Күндө бышканын күндө терип, сатыш керек экен. Мындан улам жумушчуларды жалдап, бир чака (3 килограмм) үчүн 40 сомдон акы төлөп берип жаттык.

Быйыл мода болуп жаткан сорт

Пример HTML-страницы

Негизи кулпунай кыска убакытта жана көп убакытка чейин мөмө берүүчү кулпунай деп экиге бөлүнөт. Бизде буга чейин экинчи түрдөгү кулпунай айдалып келген. Ал болсо жаздан күзгө чейин мезгил-мезгили менен түшүм берип, улам токтоп, кайра түшүм берип, көпкө барат. Ал эми биринчи түрдөгү кулпунай жазында эң негизги түшүмүн берет. Анан жайы менен муруттарын кесип, көчөт сатасыз. Ошону менен күздө кайрадан экинчи толкуну менен түшүм берет экен. Биз эми жазгы толкунун көрдүк, ал эми күздөгү түшүмдү эми көрөбүз.

Чыгаша

Жер кыртышын анализдөө — 1043 сом;

Трактордун кызматы (жер айдоо, малалоо жана башка) — 10 000 сом;

Бассейнди казуу үчүн трактор кызматы — 8000 сом;

Бассейндин пленкасы — 5760 сом;

Айлананы курчоо үчүн мамылар — 34 000 сом;

Айлананы курчоо үчүн зым тор — 18500 сом;

Суу түтүк — 2560 сом;

Көчөттөр — 200 000 (ар бири 20 сом) сом;

Витаминдер — 8360 сом;

Сууга мотор, фитинг — 65 870 сом;

Бугар үчүн трактор кызматы — 20 000 сом;

Суу толтурууга 500 литрлик челек — 3500 сом;

Суу толтурууга 1 тонналык еврокуб — 6500 сом;

Кышкыга агроспан — 29 000 сом;

Тутулуучу тор — 40 миң сом;

Жерди жаңы иштетип баштаганда 10 миң сомго дагы витамин алынат;

Ошентип жана башка чыгымдар менен биригип, жалпы 480 миң сом чыгым сарпталды.

Бул чыгымдыр алгачкы айдоо жылы гана кетет. Кийинки 2 жыл мындай чыгымдар болбойт. Кийинки жылы биз болгону витаминдерди алышыбыз мүмкүн.

Киреше

Жаздын бир айында эле 600 миң сом түштү. Бул суммадан чыгымды алсак, 120 миң сом киреше кирди. Эми биз кулпунайдын муруттарын кесип, жумуртканын кассетасындай болгон идиштерге отургузуп жатабыз. Ал тамыр байлап, 2 жума аралыгында сатканга даяр болот. Аны биз август айынын башына чейин сатабыз. Себеби, көчөттөрдү 10-августка чейин отуругузуу зарыл. Көчөт сатууда болжол менен 200 миң сом киреше түшүшү мүмкүн. Анткени бир көчөттүн баасы 15-18 сомдон сатылып жатат. Биз 15 сомдон эсептеп жатабыз. Андан кийин сентябрь айында дагы бир түшүм берүү толкуну келет. Анда түшүм кандай болот, азырынча айта албайбыз. Бирок, канча түшсө да, ал киреше болот.

Кайда сатабыз?

Негизи кулпунайды ички базарларга сатуу кыйын экен. Бизде анчалык көлөмдө талап кылынбайт экен. Россияга бир дагы ишкер жөнөткөн жок. Экспорт болбой калды. Мындан улам биз ички базарларга сатууга аракет кылдык. Өзүңөр билгендей, кулпунайды жууп, столго коюп койсоңуз, ал бат эле эзилип кетет. Ошол эле маалда жамгыр көп жааганда дагы кулпунай өсүп турган жеринен эзилип калат экен. Демек бул экспортко жарабайт деген сөз.

Күндө ойногон баа

Биз 20 сотыхтан 3 күндө 1 тонна терип жаттык. Эң чокусуна жеткен учур бул 15 күнгө созулду. Анда күнүгө 350 килограммга чейин терип жаттык. Күнүгө 25 миң сомдон 60 миң сомго чейин акча түшүп жатты. 1 кг кулпунай 260 сомдон башталган. Бирок, баа күнүгө туруктуу болбойт экен. Бир күнү барсаң 200 сомдон, бир күнү 220 сомдон, эртеси 160 сом болуп жатты. Ал тургай 110 сомго чейин түшүп кетти. Учурда кулпунай азайып, кайра 220 сомго чыкты. Анткени Россияга дагы экспорт кете баштады. Кулпунайды сактап коюп, баа чыкканда сатам демей жок экен. Ошол учурдагы баа кандай болсо, баары бир сатасың. Анткени кулпунай сакталбайт. Эгерде баа орто эсеп менен 150 сомдон бир ай бою кармалып турганда, анда биздин кирише 1 млн сом болмок.

Жаңы баштайм дегендерге кеп-кеңеш

Алгач жылы эле гектарлап кулпунай айдабаш керек. Эң ыңгайлуу вариант — бул 20 сотых экен. Ушуну менен үйрөнүп, ушуну менен тажрыйба топтосо болот. Анан кийинки жылы көбөйтүп кетсе болот. Антпесе абдан көп чыгымга учурашы мүмкүн. Ошондой эле тамчылатып сугарууну сөзсүз жолго коюш керек. Бул тамчылатып сугаруу абдан үнөмдүү жана эффективдүү экен. Бир тонна сууну бир далайга жеткирсе болот. Челектеги сууга витамин, жер семирткичтерди кошуп, ошол эле тамчылатуу жолу менен берсе болот. Бул тамырдын дал өзүнө витаминдер барат деген сөз. Биз дагы 30 сотых жер айдайлы деп жатабыз.

———

Буга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында кулпунай 100 гектарга жетпеген жерге айдалса, быйыл анын аянты 400 гектарга чейин кеңейгендиги маалымдалган. Мунун себебин жергиликтүү тургундар кулпунайдын баасы жогору болуп, киреше алып келгени менен түшүндүрүшкөн.

Учурда облус аймагында өстүрүлгөн кулпунай ички жана тышкы (Россия, Казакстан) базарларда сатылууда. Анын килограммы 150-200 сомду түзөт.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстан 825 миң долларлык кулпунайды экспорттогон.

Министрлик 2030-жылга чейин 1 миллиард долларлык чекке жетүү үчүн быйылкы жылдан тарта 143 миллион долларлык кулпунайды экспорттоо зарыл деп эсептейт. Ошондо гана ата мекендик өндүрүшчүлөр 1 миллиард доллар чегине жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️