Пример HTML-страницы

20 миңден ашык калкы бар Таш-Көмүрдө насостук станциялардын баары эскирди. Алар жарым кылым мурун курулган

Акыркы жанылыктар

Turmush54 жыл мурун курулган «Таш-Көмүр суу чарба» муниципалдык мекемеси жаңыланууга муктаж. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Азамат Жумашев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта калаа тургундарына суу жеткирген 5 насостук станция иштейт. Бирок анын дээрик баары бузулуп, кызматкерлердин шаштысын алат.

«21 миңден ашык калкы бар Таш-Көмүр шаарындагы «Суу чарба» ишканасы союз учурунда, тактап айтканда 1960-1970-жылдары курулуп, ишке кирген. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин ишкананы өзүн-өзү тейлеген мекеме катары бөлүп койгон. Азыр мында 52 кызматкер эмгектенебиз. 54 жыл мурда курулган 5 насостук станция бүгүнкү күнгө чейин кызмат көрсөтүп келет. Жабдуулардын эскигили жеткен, көп учурда бузулуп, тетиктерин таап келип оңдогончо, калкка суу берилбей калган учур көп болот. Мекеменин балансында жалпы узундугу 163 чакырымды түзгөн суу түтүктөрү бар. Алар акыркы жолу 1980-жылы орнотулган. Күн алыс түтүктөр жарылып, суу жетпей калган көйгөй бизге адаттагы эле көрүнүшкө айланган. Ушул тапта шаар калкынын 70%на 24 саат суу чагарылса, калган 30%на сааты менен ичүүчү суу берилет. Мындан улам эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырууга зарылчылык жогору.

Өткөн жылы өлкөдөгү кичи шаарларды өнүктүрүүгө багытталган жарыяны көрүп, ал жакка көйгөйүбүздү айтып чыктык. Соңунда жалпы наркы 4 млн евролук долбоор сунушталып, ал Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржылана турган болду. Сумманын 2 млн евросу гранд болсо, калган 2 млн евросу насыя эсебинде берилет. Быйыл август айында жумуштар башталат. Тактап айтканда, алгач атайын техникалар сатылып алынат. Кийинки жылдан реконструкциялоо жумуштары жүрөт. Анда автоматташтырылган 2 насостук станция жана суу кампалар курулат. Калкка берилчү суу тыкыр фильтрациядан өтүп, анан берилет. Ушул тапта насостордун жардамы менен Нарын дарыясынан сордуруп алынган суу хлорлонуп, түз калкка берилип келет», — деди Жумашев.

Мындан сырткары ал мекеме өзүн-өзү каржылыган ишканага өткөндөн бери быйыл алгачкы жолу шаар бюджетинен жардам иретинде 2 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилгенин, бул каражатка иштен чыккан насостор оңдолгонун кошумчалады.

«Таш-Көмүр суу чарба» мекемесинин 14 миң абоненти бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE