2 турак үйдү суу каптап, ички жолдор жабыркады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон аккан суу сайды бөгөп, 2 турак үйдү сел каптап, ички чарба жолдорго зыян тийгизди. Бул тууралуу Turmush басылмасына ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, табигат кырсыгы 20-июль күнү Авлетим, Кара-Камыш жана Сары-Челек айыл аймактарында болду.

«Сары-Челек, Кара-Камыш айылдарында сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн суу Кезарт сайы менен Кара-Жыгач айылы аркылуу агып өткөн каналга кошулуп, сел суусу сайды бөгөп, Ийри-Булуң айылындагы 2 турак үйдүн короо-жайын каптап, дагы бир үйдүн пайдубалына чейин суу көтөрүлгөн. Жерине куткаруучулар тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин алып барышты. Аны менен катар сел алып кеткен Кара-Жыгач—Топ-Жаңгак—Кызыл-Кол унаа жолун да калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Мындан сырткары табигат кырсыгы Авлетим айыл аймагына караган Товар-Сай айылында да орун алган. Сел суулары ички чарба жолдорун жана жергиликтүү жашоочулардын короо-жайларын каптады. Ал жакта да калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө», — деп айталат маалыматта.

Turmush Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен 20-июлда саат 15:30 чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагында катуу жамгырдан улам үйлөрдү сел каптоо коркунучу жаралганын жазган.

Пример HTML-страницы

Кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт сел каналынан суу ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, жакын жайгашкан 56 үйдү суу каптоо коркунучу жаралган. Ири-Булуң жана Кара-Суу айылында жайгашкан 56 үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоо иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️