2 келиндин түндөгү чыры: 37 жаштагы күйөө сотко келди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСокулук райондук соту кошуна келинди сөккөн адамга карата 22-июлда өкүм чыгарды. Turmush басылмасы чырдын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Саманбек (аты өзгөртүлдү У.С.Т.) 1987-жылы туулган. Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы батирде жашайт. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен айып тагылган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 23-июнь күнү Сокулук РИИБге Гүлжайна (аты өзгөртүлдү К.Г.К.) аттуу келин кайрылган. Ал 22-июнь күнү саат 23:38 чамасында кошунасы Саманбек аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн айтып, ага чара көрүп берүүнү суранган.

Соттук отурумда Саманбек күнөөсүн мойнуна алды. Ал 22-июнь күнү ал үйүндө отурганда кошунасы Гүлжайна келип, эшикте аялы менен уруша кеткенин айтты. Уруш болуп жатканын угуп эшикке чыгып, келинчегине «үйгө кирчи» деп сөгүнүп жиберген. Кошунасы Гүлжайна «мени эмне сөгөсүң?» деп өзүнө кабыл алып, ажылдай бергенинен өзүн кармай албай аны да сөгүп салган. Саманбек соттон жеңил жаза чектөөнү суранды.

Прокурор Саманбекке айып пул салууну өтүндү.

Пример HTML-страницы

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Саманбекти Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча айыптуу деп таап, 5500 сом айып пул салды.

Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️