Пример HTML-страницы

2-июлга чейин сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал

Акыркы жанылыктар

Turmush29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суу көтөрүлүп, унаа жолдордо таш кулоо жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, унаа жолдорго сел жүрүү, таш кулоо тилкелери айрыкча Бишкек–Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында, Боом капчыгайындагы Бишкек–Балыкчы жолунун 112-128-чакырымында, Балыкчы–Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында, Талды-Суу–Аралдын 4-5-чакырымында, Мырза-Аке–Кара-Шоронун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында, Кербен–Ала-Бука–Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында, Ош–Исфана жолунун 78, 125-138, 149-190-чакырымындарында сел жүрүү, таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды, айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого чакырат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE