19 күн комада жаткан Сабина Султанкулова Таласта милиционер айым болуп иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун 26 жаштагы тургуну Сабина Султанкулова Манас РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Покровка айылында туулган.

«2016-жылы мектепти аяктадым. Мектепте окуп жүргөндө эле милиция кызматкери болом, форма кийем деп кыялданчумун. Ошондуктан 11-классты бүткөндө эле, Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы академиясына тапшырдым. Жогорку класста абдан уюштургуч жөндөмүм бар эле. Мектептин президенти болуп, спорт менен алектенип жүрчүмүн. Барып академияны ушунча жактырып келдим. Бардык физикалык күчтүү жагымды көрсөтүп, норматив тапшырып өтүп келдим. Бирок жалпы республикалык тестирлөөдөн алган баллым жетпей калды. Мен «башка окууга барбайм, ушул окуу жайга тапшырам» деп, 1 жыл ата-энемдин колунда калып, жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып, кийинки жылы тапшырдым. Өзүм кыялданган окуу жайга өтүп, бардык күчүмдү жумшап окудум.

Тилекке каршы 2-курсумда катуу унаа кырсыкка кабылып калдым. 19 күн комада жатыптырмын. Андан кийин дагы жакшы баса албай жүрдүм. Анда дагы окуу жайдын талаптарын аткара албаганым үчүн окуудан четтетилгем. Ата-энем абдан колдоо көрсөтүп, менин кыялым үчүн кошо күрөштү десем болот. Талыкпаган көнүгүү, процедуралардын жардамы менен өзүмө келип, кийинки жылы окуумду уланттым.

Ошентип элдер 4 жыл окуса, мен бул кесипке ээ болуш үчүн 6 жыл убактым кетти. Окууну аяктаган соң Манас райондук ички иштер бөлүмүнө келип, аймактык тескөөчү болуп иштедим. 2 айдан кийин тергөө кызматына которулуп, 8 ай иштеп декреттик өргүүгө кеттим. Кызыбыз 10 ай болуп калганда атам, апам (кайын журт) «Баланы өзүбүз эле багып коёбуз. Сен үйдө көпкө отуруп калсаң көп нерсени унутуп коёсуң. Иштеп жумушка чык» деп өздөрү багып калышты.

Пример HTML-страницы

Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө мен академияда окучум. Баарын түшүнүп, колдойт. Ал мага милиция кесибине ээ болуу кандай кыйын болгонун билет. Экөөбүз параллель класста окуганбыз. Андан кийин 1,5 жыл сүйлөшүп, мен окууну аяктаган соң баш коштук. Азыр улук лейтенантмын. Коллективде баары колдоп, жардам беришет. Өзүң сүйүп тандаган жумушка барып иштөө дагы өзүнчө бакыт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️