18 жыл мурда Таласта өлтүрүлгөн милиционер Мелис Ниязалиевдин акыркы күнү

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун 60 жаштагы тургуну Зейнегүл Ташибекова учурда ардагер милиционер. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1987-жылы Бишкек шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун башталгыч класстар бөлүмүнө тапшырып, 1992-жылы аяктаган. Бакай-Ата айылында «Наристе» бала бакчасында тарбиячы болуп 11 жыл иштеген. Милициянын катарында иштеп калышына жолдошу Карыпбек Төлөнов себепчи болгон.

«Жолдошум Карыпбек Төлөнов милицияда иштеп калуума чоң түрткү болгон. Мен бала бакчада иштеп жаткан учурда Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө паспорттук столдо иштеген кызматкер керек болуп калыптыр. Аны жолдошум угуп айтып келген. Мен «жалаң эркектердин арасында эмнеге иштейм» деп болбой койгом. «Милициянын келечеги кең, бир эле барып көрсөң» деп болбой койду. «Макул бала бакчадагы 1 ай эмгек өргүү учурунда иштеп көрөйүн» деп кирип калдым. Жумушу жагып, ошо менен иштеп кеттим.

Ички иштер бөлүмүндө эмгек жолумду 1995-жылы паспорт бөлүмчөсүнүн кызматкери болуп баштадым. 1998-жылы жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектору болуп дайындалдым. 2000-жылы март айынан баштап, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн паспорт бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөдүм. 2006-жылдын июль айынан баштап Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалгам. Ошол кызматта 2015-жылга чейин иштедим. Андан соң ардактуу эс алууга чыктым. Ошондо биринчи жолу РИИБдин башчысынын айым орун басары кызматына Кыргызстанда алгачкы жолу мен дайындалгам. Ага чейин жалаң мырзалар иштеп келгендиктен мага ошондо 6 ай сыноо мөөнөт беришип, аны так өтөгөн соң кызматта калтырышкан болчу. Эң биринчи лейтенант болдум, пенсияга подполковник болуп чыктым», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы оор күндөрдү эскерди.

«Жумушта бир топ жыл ичинде көп орчундуу иштерди көрдүк. Эң эле жүрөгүмдө унутулгус болуп калганы — бул 2006-жылы болгон каргашалуу окуя. Менин жанымдагы милициянын башчысынын орун басары Мелис Ниязалиев кылмышкерлердин колунан каза тапкан эле. Ошондо орозонун күнү болчу. Жумуштан кийин ооз ачууга тамактануу жайына киргенбиз. Мен, жетекчибиз, анан каза болгон Мелис мырза бар болчу. Үчөөбүз тамактануу жайынын алдына чыкканда аркабыздан ок атылды. Жаныбызда Мелис мырзага тийип кулады. Көрсө ал абдан буга чейин даярдалган нерсе экен. Көп убакыт аңдып жүргөн экен. Биз чыгар убакты билип, бактын түбүндө жашынып туруп, 50 метр аралыктан атып качкан экен.

Пример HTML-страницы

Кылмышкерлер маркум кесиптешибизди жерге бергенден кийин 2 күндөн соң кармалган. Бүгүнкү күнгө чейин эмне себептен менен өлтүрүлгөнүн билбей калдык. Мелис өзү абдан ишине так, өзгөчө адам эле.

Мен 42 жашымда жетекчинин орун басары болдум. Ал болсо 28 жашында ошондой көрсөткүч менен жетекчинин орун басары болуп калган. Ишин сүйүп, берилип иштечү эле. Ата мекенге берилип, сүйүп, чынчылдыгы үчүн өмүрүн арнады. Азыркы күнгө чейин ысымы чыгып, эскерүү иш-чаралары болуп, Куран окутулуп турат», — деди.

Зейнегүл айым айымдар үчүн милициянын иши оор экенин баяндады.

«Аял кишиге милициянын жумушу абдан кыйын эле болот. Үй-бүлөнү экинчи планга коюп, биринчи орунга жумушту коюп иштейсиң. Азыр мени ойлонткон суроо бар. Бардык иштин алдыңкыларына, ардагерлерине президенттин сыйлыгы тийип жатат. Карап турсам, ушул милициянын ардагерлери алардын катарында жок. Бизди Ички иштер министирлиги деле жакшы карап жатат. Бирок ушул аялзаты милицияда аз эле сандабыз. Буга чейинки кызматыбызды өкмөт эске алып койсо дейм», — деди ал.

Подполковник айым 1 уул, 1 кыз, 3 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️